Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманов: грэпплинг балбандарын бразилиялык машыктыруучу даярдаган

© Sputnik / Асель СыдыковаГрэпплинг федерациясынын башчысы Тынчтык Сулайманов
Грэпплинг федерациясынын башчысы Тынчтык Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грэпплинг федерациясынын башчысы Тынчтык Сулайманов Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатына улуттук курама команда өзгөчө даярдыкта барганын айтты.
Сулайманов: грэпплинг балбандарын бразилиялык машыктыруучу даярдаган

Дүйнө биринчилигине Кыргызстандын грэпплинг боюнча курама командасын атайын чакыруу менен келген Маркос "Санта Круз" Оливейра аттуу бразилиялык машыктыруучу 12 күндүн ичинде даярдап, чоң ачылыш жасады. Бул тууралуу Тынчтык Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, грэпплинг боюнча Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинен кыргызстандык балбандар төрт алтын медаль алат деп план коюлган.

"Атайын чакыруу менен келген бразилиялык машыктыруучу Маркос "Санта Круз" Оливейра биз билбеген ыкмаларын колдонуп, спортчуларды 12 күндүн ичинде дүйнөлүк мелдешке камдап койду. Биз үчүн бул чоң жаңылык болуп, жергиликтүү спорт дүйнөсүндө революция жасалды десем жаңылышпайм. Анткени буга чейин эки жумага жетпеген убакытта спортчуларды чоң мелдештерге даярдаса болорун билген эмеспиз. Чемпионатка аз калганда болжол менен төрт алтын медаль алып келебиз деген зор үмүттөр болгон. Бирок иш жүзүндө бир алтын, бир күмүш жана сегиз коло медалга ээ болуп, командалык эсепте Россиядан кийин эле экинчи орунду ээледик. Бул да болсо Кыргызстандын командасы үчүн чоң жетишкендик. Себеби мындай жогорку деңгээлдеги мелдештен 10 медаль утуу оңой эмес", — деди Сулайманов.

Ошондой эле ал Грэпплинг федерациясы 2014-жылы түзүлүп, акыркы беш жылдан бери туруктуу өнүгүп келе жаткан жаш уюмдардын бири экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0