Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рысбаев: сынакка көз кубанткан калпактар түшкөн жок

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун координатору Дөөлөт Рысбаев
Кийиз дүйнө коомдук фондусунун координатору Дөөлөт Рысбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаев калпак боюнча республикалык сынакты мындан кийин Маданият министрлиги өткөрүп турса деген оюн айтты.
Рысбаев: сынакка көз кубанткан калпактар түшкөн жок

Аталган сынакта биз күткөндөй укмуштуудай калпактар болгон жок. Кийинкисинде уюштуруучу катары эмес, эл катары катышып, өнөрүбүз менен бөлүшкүбүз келет. Мындай пикирин Дөөлөт Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сынак мурас катары сакталып келе жаткан баш кийимдер, туюк, төрт талаа жана дизайнердик калпак деген төрт номинацияда өткөрүлгөн.

"Калпак боюнча республикалык сынак биринчи жолу өттү. Конкурсту 5-март калпак күнүнө карата жарыялаганбыз. Иш-чаранын максаты - салттуу билимдерди жандандыруу, кийинки муунга өткөрүп берүү жана баш кийимди жасоо ыкмасын жайылтуу болуп саналат. Алгач катышуучуларга төрт ай изденүүгө убакыт бергенбиз. Жыйынтыгында сынакка жалпысынан 52 калпак келип түштү. Аларга жеке номер берилип, тизмеге киргизип, андан соң калыстар тобунун тандоосуна коюлду. 4-5-июль күнү курамы төрт кишиден турган калыстар тобу баалап, сынакка катыша турган калпактарды тандап алышты. Кайра төрт айга баш кийимдер Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух ордо" маданий борборуна экспозицияга жиберилди. Конкурстун башкы талабы калпактар колго жасалган кийизден болушу керек эле. Негизи төрт номинацияга үч гран-при берели дегенбиз, бирок бир гана калпак баш байге алды", — деди Рысбаев.

Ал иш-чара 30-сентябрда жыйынтыкталганын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0