Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: мыйзамдагы башаламандык кыргызды төрөлгөндө эле күнөөлүү кылып коет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архив
Бир Бол фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров кыргыздар жазылбаган мыйзамдар менен жашаган доордо азыркыга салыштырмалуу тартип болгонун айтты.
Жапаров: мыйзамдагы башаламандык кыргызды төрөлгөндө эле күнөөлүү кылып коет

600дөй негизги мыйзам бар. Аларга соңку жылдары 3000дей өзгөртүү, толуктоолор киргизилди. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда иштеп жаткан мыйзамдарды президент, башкы прокурор, керек болсо 120 депутаттын бири да толугу менен билбейт.

"Американын USAID уюмунан эле соңку 25 жылда 2 миллиард доллардан ашык акча алыптырбыз. Кимдер алды, эмнеге сарпталды? Бул суроолор ачык бойдон калууда. Мына ушундай сырттагы күчтөрдүн таасири менен жазылган мыйзамдар акыркы 2-3 чакырылышта көбөйүп кетти. Мыйзам кабыл алууда улуттук өзгөчөлүктөр, элдин кулк-мүнөзү эске алынбай калды. Иштеп жаткан 600дөй негизги мыйзам болсо, аларга 3000дей өзгөртүү, толуктоолорду киргизип салдык. Анын кесепетинен ар бир кыргыз кыйкырып ыйлап, бирөөнүн тынчтыгын буздуң дегендей жүйөлөр менен керек болсо төрөлгөндө эле күнөөлүү болуп калууда. Иштеп жаткан мыйзамдарды президент, депутаттар, соттор, башкы прокурор, эч кимиси толук билбейт деп айта алам. Анан кантип катардагы жарандардан талап кылабыз? Мыйзам талаасында мына ушундай башаламандык өкүм сүрүүдө", — деди Жапаров.

Эл өкүлү эгер мамлекеттин өзөгү болгон мыйзамдар жакынкы 25 жылда иреттелбесе, Кыргызстан эгемендүү өлкө катары жок болуп кетүү коркунучу бар экендигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0