Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кутубаев: калктын көмүргө болгон муктаждыгы 50 пайызга чечилди

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоммерческий директор государственного предприятия "Кыргызкөмүр" Замирбек Кутубаев
Коммерческий директор государственного предприятия Кыргызкөмүр Замирбек Кутубаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Замирбек Кутубаев 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине карата өлкөдөгү кара алтынга болгон муктаждык 2,5 миллион тоннаны түзөрүн айтты.
Кутубаев: калктын көмүргө болгон муктаждыгы 50 пайызга чечилди

Сентябрь айына карата жалпы республикадагы көмүргө болгон муктаждык 50 пайызга чечилип, мамлекеттик мекемелерден тарта жөнөкөй жарандарга чейин 1 миллион 100 миң тонна көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу Замирбек Кутубаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калкты көмүр менен камсыз кылуу аракети 2020-жылдын март айына чейин уланмакчы.

"Быйылкы жылы калктын көмүргө болгон муктаждыгы 1 миллион 124 миң тоннаны, мамлекеттик мекемелердики 206 миң тоннаны жана Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунуку 1 миллион 140 миң тоннаны түзөт. Сентябрь айына карата бюджеттик мекемелер 83 миң, жөнөкөй жарандар 237 миң жана ТЭЦ 170 миң тонна жергиликтүү көмүр менен камсыз болду. Учурда көмүр ташып келүү аракети үзгүлтүксүз, план боюнча аткарылып жатат. Жылуулук электр борборуна сатып алынуучу 740 миң тонна кара алтын ай сайын 80 миң тоннадан алынып келүүдө. Үстүбүздөгү жылга карата бекитилген планды биз 104 пайызга аткарып жатабыз", — деди Кутубаев.

Ошондой эле ал быйылкы жылы өлкөнүн түштүк өрөөнүндө жайгашкан көмүр иштетүүчү ишканалар Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанга 250 миң тонна көмүр экспорттогонун кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0