Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Муканбетов: айрым пенсияга 300, башкасына 1000 сомго чейин кошулушу мүмкүн

© Фото / Адилет АбдылдаевНачальник Управления по внешним связям, работе с населением, госорганами и обращениями граждан Соцфонда КР Женишбек Мукамбетов
Начальник Управления по внешним связям, работе с населением, госорганами и обращениями граждан Соцфонда КР Женишбек Мукамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Муканбетов учурда өлкөдө 667 миң адам пенсия алса, алардын 241 миңи жашоо минимумунан аз аларын айтты.
Муканбетов: айрым пенсияга 300, башкасына 1000 сомго чейин кошулушу мүмкүн

Өткөн жылдагы инфляция жана базар наркынын көтөрүлүшүн эске алуу менен 1-октябрдан тарта пенсиялар беш пайызга көбөйөт. Буга чейин ЖМКларга жети пайыздан 18 пайызга чейин жогорулайт деп айтылган. Мындай көрсөткүчтөр аз пенсия алгандардын камсыздандыруу бөлүгүнө кошулган сумманы гана түшүндүрөт. Бул тууралуу Жеңишбек Муканбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2009-2010-жылдары аз пенсия алгандар жалпы санынын 88 пайызын түзсө, учурда бул көрсөткүч 38 пайызга түштү.

"Пенсия бардыгына бирдей жогорулатылган жок. 4283 сомдон аз алган карыялардын базалык бөлүгүнө 100 сом кошулду. Ушул эле категориянын камсыздандыруу бөлүгү да беш пайызга көтөрүлдү, бирок 200 сомдон кем эмес кошулуп, жалпысынан жашоо минимумунан аз алгандар эми 300 сомго көбүрөөк алышат. Мисалы, 3000 сом пенсия алган адамдын базалык бөлүгүн чыгарып салганда, камсыздандыруусу өтө аз сумманы түзүп калат. Андыктан, эң аз дегенде 200 сом кошулуп жатат. Ал эми жашоо минимумунан жогору, тактап айтканда, 4283 сомдон көп пенсия алгандардын базалык бөлүгүнө кошулбайт, камсыздандыруу бөлүгүнө 320 сомдон тарта кошуп берилет. Бул категориядагылардын айрымдарыныкы 1000 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн, анын себеби камсыздандыруу бөлүгүндө буга чейин канча алганына байланыштуу болот. Анткени ошол сумманын беш пайызы кошулат", — деди Муканбетов.

Ал өз пенсиясын эсептетүүнү каалагандар фонддун райондук, шаардык башкармалыктарына кайрылып же 1202 кыска номерине телефон чалса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0