Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин бөлүм башчысы Канатбек Осмонов

Осмонов: алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылган аялдар көбөйүүдө

93
(жаңыланган 14:35 07.10.2019)
Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин бөлүм башчысы Канатбек Осмонов алимент өндүрүү боюнча арыз менен кайрылган жалгыз бой энелердин саны жылдан-жылга өсүп жатканын айтты.
Осмонов: алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылган аялдар көбөйүүдө

Статистикалык маалыматтарга ылайык, былтыр республикада алимент өндүрүү боюнча 41 миң 843 соттук иш аткарууга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Канатбек Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мажбурлап өндүрүү багытындагы соттук актылардын жалпы санынын 40-50 пайызын алимент өндүрүү боюнча арыздар түзөт.

"Республикада 2015-жылы алимент өндүрүү боюнча 30 миң 515 соттук иш аткарууга жөнөтүлгөн. 2016-жылы 38 миң 343 арыз келип түштү. 2017-жылы бул көрсөткүч 41086га чейин көбөйдү. Ал эми 2018-жылы болсо 41 843 доогер алимент өндүрүп берүү боюнча сотко кайрылган. Статистикага таянсак, мындай иштердин саны жыл сайын өсүп жатат. Орто эсеп менен алганда ар жылы 7 миң 828 жалгыз бой энеге сот аткаруучулардын жардамы керектелет. Бул багытта тийиштүү иштер аткарылууда. Бирок, тилекке каршы, саны кыскарбай жатат", — деди Осмонов.

Ошондой эле ал мыйзамга ылайык соттун өкүмү менен алимент төлөй турган тарап бир айлык маянасынын 25 пайызын доогерге берүүгө милдеттендирилерин кошумчалады.

93
Белгилер:
арыз, жалгыз бой эне, алименты, сот
Тема боюнча
Эми алимент төлөөдөн качкандардын сүрөтү жарыяланат
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов

Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар

67
(жаңыланган 12:39 24.06.2021)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов кыргызда күлкүнүн 45 түрү бар экенин айтты.

Кыргызды күлдүрүш кыйын дешет. Чынында ушундай, анткени биздин эл ишенген нерсесине гана күлөт. Бирок бул кыргызда күлкү жанры өнүкпөй калган дегенди түшүндүрбөйт. Мындай пикирин Күмөндөр Абылов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар

Анын айтымында, аталган жанрды өнүктүрүү иштери колго алынбай жатат.

"Кыргыз элинде күлкү жанры абдан өнүккөн. Мунун далили катары аталган жанрдын 45 түрү бар экенин айтсак болот. Күлкү, күйдүргү, жанытма, кыйытма, апыртма, такмаза, кер какшык, какшык, каяша жана башка, мунун бардыгы ушул жанрга кирет. Керек болсо күлкүнү кыргыздын комузу, манасчылык, төкмөлүк өнөрү сыяктуу деңгээлде алып карасак болот. Ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок азыр жакшы көңүл бурулбай жатат. Сатира жазгандар жок, болсо да бекер бергиси келбей кийинки муун үзүрүн көрөр деп үйүнө катып койгон. Ал эми куудулдарыбыздын көпчүлүгү театралдык билими, сахна маданияты жок эле эл алдына чыгып алып, чампалап номерлерди коюшууда. Пикеттин деңгээлинен жогору, көрүүчүгө руханий байлык тартуулай турган сатиралар жаралбай калды. Андыктан күлкү жанрына илимий, мамлекеттик деңгээлде карап, иштер жасалуусу керек. Ар бир түрүн иликтеген илимий иштер жазылса, өнүктүрүү коому түзүлүп, куудулдардын билими жогорулатылса кандай жакшы болор эле. Элге мамлекеттик идеологиянын негизинде талаптар коюлуп, дасыккан режиссерлер менен ийине жеткире иштелип чыккан гана номерлер тартууланышы керек", — деди Абылов.

Ал сатирик жазуучулар менен куудулдардын башын бириктирип иш алып баруу маселесин тез арада ишке ашыруу зарылдыгы турганын кошумчалады.

67
Белгилер:
сатира, көйгөй, күлкү, Күмөндөр Абылов
Тема боюнча
Ниязов: Асанкул Шаршеновдун 16 улуттун өкүлүн жалгыз ойногон спектакли бар
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов

Өмүракунов: дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү

27
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү экенин айтты.

2017-жылдан бери дрифт менен алектенип келем. Ушул убакытка чейин алган тажрыйбам жарыштарда биринчи болууга мүмкүндүк берүүдө. Бул тууралуу Акылбек Өмүракунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Өмүракунов: дрифт — автоспорттун эң коопсуз түрү

Анын айтымында, 12 жашынан баштап автоунаа башкара баштаган.

"Мен автоунааларга эс тарткандан бери кызыгам. Башталгыч класстарда дептерлерге өзгөчө автомашиналардын сүрөттөрүн тартып жүрчүмүн. Башка балдар кандайдыр бир тасмалардан эргүү алып, анан гана автоспортко келишет. Ал эми мен үчүн "Форсаж" сыяктуу картиналар ачылыш деле болгон эмес. Менин азыркы унаам Nissan 200sx. Казакстандан сатып алгам. Негизи дрифтке катыша турган техниканы толугу менен жасап чыгабыз. Себеби машинанын мотору, коробкасы жана башка бардык жагы бышык, күчтүү болушу зарыл. Унаанын каркасынын ичи жалаң трубалардан турат. Ошондуктан дрифт автоспорттун бардык түрлөрүнүн ичинен эң коопсузу десек болот. Унаа мелдеште чындап эле оор сыноодон өтөт. Ошондуктан ар бир жарыштан соң техника толук кароодон өткөрүлөт. Бул машиналар менен шаар ичинде жүрө албайбыз. Себеби мыйзам жол бербейт жана үнү абдан катуу чыгат. Жарыштын унаалары чиркегич менен гана ташылат", — деди Өмүракунов.

Пилот шаар ичиндеги көчө жарышчылары элдин дрифт маданиятын кабылдоосуна терс таасир тийгизип жатканын кошумчалады.

27
Белгилер:
авто, спорт, жарыш, дрифт
Тема боюнча
Вильнюста жашаган автоспортчу Данас Азикеев: "Литвадагы күлүк кыргыз" дешет
Председатель Кабинета Министров Кыргызстана Улукбек Марипов. 24 июня 2021 года

Актанбагылачы! Марипов айыл чарба министри менен орун басарларын зекиди

0
(жаңыланган 17:34 24.06.2021)
Марипов эгерде министрлик өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эместигин айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо ишин жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш жана эскертүү алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго эскертүү, ал эми анын орун басары Нурлан Шериповго сөгүш жарыяланган.

 

Министр сельского, водного хозяйства и развития регионов Аскарбек Джаныбеков. 24 июня 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков

 

 

Мындан сырткары, дагы бир орун басар Азамат Мукашевдин бул кызматка ылайык келер-келбеси боюнча маселе каралмакчы.

"Эгерде силер өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эмес. Актанбай эле койгулачы! Тармактык министрлик коюлган милдеттерди аткарып, маселени чечүүнү башынан ойлонушу керек эле. Акыркы беш айдагы иштин планын алалычы. Суу колдонуучулар ассоциациясынын ишине анализ жасоого тапшырма берилген. Бүгүн бир да сунуш түшкөн жок. Аймактардагы кластердик механизмди тереңдетүү боюнча маалыматтар жокко эсе. Жалпысынан алганда, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин иши жетишсиз жасалган", — деген Марипов.

Эске салсак, Марипов 11-июнда Чүй облусун кыдырып жүрүп "эртеңден тарта (12-июнь – ред.) сугат суу фермерлерге жетпей турган болсо, облус, район жетекчилигине карата катуу чара көрүлөт" деген эле.

Быйыл дыйкандар менен фермерлер сугат суунун тартыштыгы боюнча олуттуу маселе жаралып жаткандыгын, аны чечүү боюнча ыкчам чаралар керектигин айтып, коңгуроо кагып жатышат. Эгерде бул маселе чечилбесе көйгөйлөр жараларын, кымбатчылык мындан да тереңдерин айтышууда.

0
Белгилер:
суу тартыштыгы, кургакчылык, түшүм, суу, Чүй облусу, Кыргызстан