Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскарбеков: көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатына чакыруу келген жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү федерациясынын баш катчысы Куватбек Аскарбеков
Көк бөрү федерациясынын баш катчысы Куватбек Аскарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көк бөрү федерациясынын баш катчысы Куватбек Аскарбеков кыргыз улакчылары 20-ноябрда Өзбекстанда өтө турчу көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигине барбай турганын айтты.
Аскарбеков: көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатына чакыруу келген жок

Дүйнө биринчилигине катышуу үчүн Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасына бүгүнкү күнгө чейин расмий чакыруу келе элек. Бул тууралуу Куватбек Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанда өтө турчу көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын жоболору баштапкы кабыл алынган көк бөрү оюнунун эрежелерине дал келбейт.

"Адатта эл аралык жана дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерге расмий чакыруу кеминде 2-3 ай мурун келет. Биз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп жатканда дал ушул эрежени карманганбыз. Анткени курама команданы топтоп, спортчуларды даярдоого бир топ убакыт керектелет. Ал эми Өзбекстандан бүгүнкү күнгө чейин расмий чакыруу келе элек. Мелдештин башталышына аз эле убакыт калды. Курама команданы чогултуп, тийиштүү түрдө даярданууга жетишпейбиз", — деди Аскарбеков.

Ошондой эле ал көк бөрү боюнча өтө турчу быйылкы дүйнө биринчилигинде тай казан жок болгондогуна байланыштуу кыргыз улакчыларына оюн жүргүзүү бир топ ыңгайсыз болорун айтып, бул да мелдешке катышпоо чечимине түрткү болгон бир себеп экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0