Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев

Төрөбаев: "Өнүгүү Прогресс" кийинки шайлоодо жеңерине ишенем

317
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аталган партия 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого катышарын айтты.

Партиянын шайлоодон жеңип чыгарына толугу менен ишенем. Парламенттин VII чакырылышына депутат болуп барабыз. Мындай пикирин Бакыт Төрөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган партия башка партиялар менен да тандем түзүшү мүмкүн.

"2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодон жеңип чыгып, биздин партия мүчөлөрү депутат болуп келерине толугу менен ишенем. Сурамжылоо жүргүздүк. Анын негизинде Кыргызстанда калк үч гана партиянын тегерегинде сөз кылат экен. Алардын бири биздин "Өнүгүү — Прогресс". Ооба, аткарган жакшы иштерибиз менен бирге Бакиевдин партиясы деген айың кептер да тарап жүрөт. Ошентсе да бизди эл билерине кубандык. Демек, келе жаткан шайлоодо утуп чыгууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону үгүт учурунда жакшылап иштешибиз керек", — деди Төрөбаев.

Эл өкүлү учурда парламентте отурган фракциялардын айрымдарынын керек болсо лидерин эл билбеген да партиялар бар экендигин кошумчалады.

317
Белгилер:
эл, шайлоо, саясий партиялар, Бакыт Төрөбаев