Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубатова: майыптарга коляска берүү электрондук системага өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник минтруда и социального развития КР Кульира Кубатова
Сотрудник минтруда и социального развития КР Кульира Кубатова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Кульира Кубатова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн отургуч-коляскаларды алуу боюнча электрондук кезек түзүлө турганын айтты.
Кубатова: майыптарга коляска берүү электрондук системага өтөт

Электрондук кезек системасы аркылуу канча муктаждык бар экенин ачык-айкын биле алабыз. Бул тууралуу Кульира Кубатова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда майыптар үчүн коляскалардын саны жетиштүү.

"Биз дагы бир жобого өзгөртүү киргизип жатабыз. Санариптештирүүнүн алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга отургуч-коляскаларды электрондук кезек менен берүү ишке ашырылып жатат. Бир гана үйдө жүрүүчү эмес, көп функционалдуу көлүк алалы деген оюбуз бар. Кезекке туруу үчүн медициналык-социалдык экспертизадан коляскага муктаж деген маалым кат талап кылынат. Быйыл Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялады. Учурда бул боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Конвенциянын ченемдери боюнча билим берүү, саламаттык сактоо, маданий жашоого катышуу, спорт менен машыгуу, инфраструктураны жакшыртуу боюнча отурумдар өткөрүлүп жатат. Азыр республика боюнча талап кылынган коляскалардын саны 2205ти түздү. Булар мамлекеттик бюджеттин каражатына алынат", — деди Кубатова.

Ал былтыр көп функционалдуу 320 көлүк мамлекеттин казынасынан алынып, гуманитардык жардамдар аркылуу 900дөн ашык коляска келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0