Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Давлеталиев: Кыргызстандын азыктарын Голландия алууга кызыкдар

© Sputnik / Эркин СадыковСоода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти Амангелди Давлеталиев. Архив
Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти Амангелди Давлеталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти Амангелди Давлеталиев 15-16-17-октябрда Нидерландыдан келген 14 ири компания кыргызстандык фермерлерге айыл чарба багытында презентация жасап, бизнес-форум өткөрөрүн айтты.
Давлеталиев: Кыргызстандын азыктарын Голландия алууга кызыкдар

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарына голландиялык ишкерлердин кызыгуусу күч. Бул тууралуу Амангелди Давлеталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, голландиялык ишкерлер Кыргызстанга алгачкы ирет 2013-жылы келишкен жана алар жергиликтүү айыл чарба секторуна жогору бааларын беришип, кызматташууга ниеттери бар экенин билдиришкен.

"Мындан алты жыл мурун Нидерландыдан келген алты компания дароо эле эки-үч долбоорун сунуштап, кыргызстандык дыйкандар менен иштеше баштаган. Кызматташуунун жыйынтыгы жаман болгон жок. Эми мына быйыл да голландиялык 14 компания Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарына кызыгып, бул жааттагы заманбап технологияларды бизге тааныштырганы жатат. Алар малга тоют камдоочу жабдыктарды жана күнөскананын бир нече түрүн презентация кылары күтүлүүдө. Ошондой эле учур талабына ылайык логистикалык борборлорду ачуу жолдорун үйрөтүшөт. Азыктарды импорттоого даяр экендигин да билдиришти. Биз дагы бул багытта иштерди алып барып, конокторго Кыргызстандын айыл чарба жаатындагы потенциалын көрсөтөбүз", — деди Давлеталиев.

Ошондой эле ал күтүлүп жаткан бул бизнес-форумга айыл чарба тармагындагы бардык жергиликтүү ишкерлер жана фермерлер катыша аларын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0