Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калыбеков: Жазуучулар союзуна 85 жыл толду

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков аталган уюмга мамлекет тарабынан каржы каралбагандыгын айтты.
Калыбеков: эми Жазуучулар союзуна жылына бир ирет бюджеттен акча бөлүнөт

Жазуучулар союзу коомдук уюм деп аталып, мамлекеттин казынасынан эч кандай каражат каралбайт. Мындай мыйзам Роза Отунбаеванын президенттиги убагында кабыл алынган. Анткени ага чейин президенттик фондудан акча бөлүнчү. Бул тууралуу Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жазуучулар отурган имаратка ижара акысын төлөшөт.

"Жазуучулар союзу мурда президенттин казынасынан каржыланчу экен. Кийин бул мыйзам жокко чыгарылып, уюмга эч кандай акча бөлүнбөй калган. Бул аралыкта союз отурган имараттын ижарасына жана коммуналдык кызматтарга 1,5 миллион сом мамлекетке карыз болуп калыптыр. Кошуна мамлекеттердин адабиятка жасаган мамилеси менен салыштыра турган болсок, биздин абалыбыз абдан начар. Андыктан 85 жылдык тарыхы бар Улуттук жазуучулар союзунун абалын түшүндүрүп, депутат Тазабек Икрамовго кайрылдык. Ал союздун карызын кечүү, жылына бюджеттен бир жолу акча бөлүп берүү жана отурган имаратты өз балансына өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоор биринчи окуудан өттү. Кабыл алынып калса, өлкө адабиятка да аздыр-көптүр көңүл бурууда деп айтып калат элек", — деди Калыбеков .

Акын Жазуучулар союзунун кыргыз тарыхында орду чоң экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0