Кыргызстандын Улуттук электр тармагынын долбоорлорду ишке ашыруучу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов. Архив

Раимкулов: CASA-1000 долбоорунун курулушу 2020-жылы башталат

127
(жаңыланган 14:13 10.10.2019)
Кыргызстандын Улуттук электр тармагынын долбоорлорду ишке ашыруучу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан кубаттуулугу 500 кВт жеткен 450 чакырымдык электр түйүндөрүн куруп берүүгө милдеттүү экенин айтты.
Раимкулов: CASA-1000 долбоорунун курулушу 2020-жылы башталат

Келээрки жылга чейин CASA-1000 долбоорунун алкагында курулуш иштери жүрө турган аймактар такталып бүтсө, 2020-жылдын апрель айынан тарта өлкөнүн аймагында электр түйүндөрүн (ЛЭП) орнотуп баштоо пландалууда. Бул тууралуу Рустанбек Раимкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун республикадагы курулуш иштерин Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Европанын инвестициялык банкы каржылап жатат.

"Бүгүнкү күндө CASA-1000 долбоорунун алкагындагы курулуш иштери дээрлик пландаштырылып бүттү. Эми электр түйүндөрү (ЛЭП) орнотула турган жерлердин кожоюндары менен сүйлөшүп, ал тилкелерди сатып алуу маселеси турат. Бирок ага карабастан болжол менен 2020-жылдын апрель айынан тарта ээн жерлерге электр түйүндөрүнүн пайдубалдарын куруу иштери башталат. Учурда үч банк көмөк көрсөтүүдө. Долбоордун Кыргызстандагы курулуш иштерине Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион, Дүйнөлүк банк 45 миллион доллар жана Европанын инвестициялык банкы 70 миллион евро насыя түрүндө өкмөткө бөлүп берди. Калган чыгымды "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК өзү көтөрөт", — деди Раимкулов.

Ошондой эле ал CASA-1000 долбоору ишке ашса, 2022-жылдан тарта Кыргызстан жана Тажикстан, Афганистан менен Пакистанга жыл сайын 1300 кВт элект энергиясын экспорттоп турарын кошумчалады.

127
Белгилер:
CASA-1000 долбоору, электр энергиясы, экспорт, курулуш
Тема боюнча
Раимкулов: CASA – 1000 долбооруна кеткен чыгымдар 15 жылда кайтарылат
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов. Архив

Шатманов: Кыргызстанга келген чет өлкөлүк туристтер альпинизмге кызыгат

14
(жаңыланган 11:30 16.10.2021)
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Кыргызстанга келген чет өлкөлүк туристтердин көбү альпинизмге кызыгарын айтты.

Республикада альпинизм жаңыдан өнүгүп жаткан багыт болгондуктан чет өлкөлүктөр үчүн Кыргызстан чоң ачылыш. Мындай пикирин Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Шатманов: Кыргызстанга келген чет өлкөлүк туристтер альпинизмге кызыгат

Анын айтымында, өлкөдө альпинизм өнүгө турган болсо, эң биринчиден коопсуздук маселесин чечүү зарыл.

"Негизи бизде туризмдин бардык тармактарын өнүктүрүүгө шарт бар. Алсак, чет өлкөдөн келген туристтер көбүнчө Кыргызстандагы альпинизмге кызыгышат. Бүгүнкү күндө альпинизм жаңыдан өнүгүп жаткан багыттардын бири. Бирок мамлекет тараптан комплекстүү көп иштер жасалышы керек. Мисалы, коопсуздукту камсыз кылуу, тазалыкты сактоо, жаратылышты коргоо эң маанилүү иш. 2019-жылы Ленин чокусунан өнөктөшүбүздүн жардамы менен жети тонна таштанды түшүрүлгөн. Табиятка аяр мамиле кылуу боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматтар берилип жатат. Ага карабастан көңүл кейиткен учурлар бар. Пластикалык таштандылар экологияга түздөн-түз зыян келтирүүдө. Ал жерде мөңгүлөр, жаныбарлар бар", — деди Шатманов.

Ошондой эле адис инфраструктураны жакшыртуу максатында куткаруучулардын пунктун түзүү, тик учак менен камсыз кылуу сыяктуу иштер аткарылышы керектигин кошумчалады.

14
Белгилер:
Самат Шатманов, туризм, департамент, альпинизм, инфраструктура, тоо
Тема боюнча
Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот
Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институтунун директору Максатбек Нурдинов

Нурдинов: малдын тукумун жакшыртуу үчүн 15-20 жыл талап кылынат

14
Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институтунун директору Максатбек Нурдинов малдын тукумунун сапатын жогорулатууга кеминде 15-20 жыл убакыт талап кылынарын айтты.

Институт Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине карап, малдын асылдуулугун арттыруу, алардын тукумун сактоо, жакшыртуу иштери менен алектенет. Бул тууралуу Максатбек Нурдинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Нурдинов: малдын тукумун жакшыртуу үчүн 15-20 жыл талап кылынат

Анын айтымында, илимий институтта 68 окумуштуу эмгектенет.

"Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институту республикадагы малдын тукумун сактоо, аларды жакшыртуу жана асыл тукум малдардын сапатын арттыруу боюнча илимий иштерди жасайт. Биздин институттун жасаган иштеринин натыйжасында өлкөдө малдын 12 жаңы тукуму чыгарылган. Алар: Ала-Тоо жана Олуя ата деген уйдун эки породасы, жылкынын жаңы кыргыз тукуму, койдун уяң жүндүү, жарым уяң жүндүү, жарым кылчык жүндүү, алай жана эт, май багытындагы куйруктуу айкөл породасы, өтө популярдуулукка жеткен арашан тукуму, эчкинин жүн, тыбыт жана сүт багытындагы үч породасы, ошондой эле чаар тоок. Булар Кыргызстандын климаттык шартына ылайыкташтырылыган тукумдар. Мунун баары бир жылда эле ишке ашып калган жок. Бир тукумду элге жайылтуудан мурда 15-20 жыл ал изилдөөдөн өтүп, апробацияланып, андан соң гана тукум катары бекитилет, — деди Нурдинов.

Ал институт учурда өлкөдөгү малдын тукумун жакшыртуу боюнча атайын программанын негизинде иш алып барып жатканын кошумчалды.

14
Белгилер:
илим, мал чарбасы, сапат, Максатбек Нурдинов
Тема боюнча
Кыргызбаев: асыл тукум малдын наркы 2 000 доллардан кем эмес
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив

Батыш карызын төлөөдөн баш тартууда. Талибдерди таануу керекпи же жокпу?

0
Афганистанга арналган саммитке Россия менен Кытайдын катышпаганы жөн жерден эмес. Эки өлкөнүн афган көйгөйүнө мамилеси да, көз карашы да таптакыр бөлөк.

"Ири жыйырмалыктын" Афганистанга арналган саммитинде батыш лидерлери өлкө кыйроо, ачарчылык, башаламандыктын босогосунда турганын айтып жатышты. Бечара афгандыктарга гуманитардык жардам көрсөтүп, "мамлекеттик коллапска" жол бербөө керектигин, болбосо чектеш мамлекеттерге миграциялык агым күчөп, мунун кесепети оор болору тууралуу сөздөр айтылды. Кырдаал кандай нукка багыт алганын Петр Акопов талдап, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Жардам берсин, бериши керек, анын үстүнө Афганистанды 20 жыл мурун дал ушул Батыш басып алган, аскерин чыгарып кеткенден кийинки кырдаал ушулардын жоопкерчилигинде.

Мына ушул жерден театр башталды: Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо "талибдерге акча карматпай туруп өлкөнү каржылоонун механизмин табууга" чакырды. Келгиле, бийлигин көзгө илбей элине жардам берели таризде. Муну акыл-эсти жана афгандыктарды шылдыңдоо катары гана кабыл алуудан башка айла жок.

Батыш жардамды БУУ структуралары аркылуу берүүнө сунуштап, Афганистандагы иштин баарын БУУ координацияласа деп турат. Бирок өлкө бийлигин тааныбаса бир дагы эл аралык уюм аймакта иштей албайт, башкача айтканда, кандай болгон күндө да реалдуулукту кабыл алып, талибдердин өкмөтүн тааныш керек.

Афганистан чет элдик көмөксүз жашап кете алабы? АКШ түзгөн өкмөт америкалыктардын айдагы менен болуп тим калбастан, ошолордун акчасы менен жан багып келди (баңгизат тарифигинен негизги кирешени ким алып келгенин айтпай эле коелу), мамлекеттик чыгымдын төрттөн үч бөлүгү чет элдик жардамдын эсебинен каржыланып келген. Ганинин өкмөтү кулатылып, америкалыктар менен иштешкен жүз миң афгандык өлкөдөн качып кеткенден кийин ансыз да араң жан турган банк системасы кыйрап түштү. Өз алдынчалуу мамлекеттик институттар менен бирге эле азыр экономиканы да кайра куруу зарыл, буга сөзсүз жардам керек. Биримдиктүү, күчтүү, көз карандысыз Афганистанга кызыкдар тараптардын жардамы зарыл.

Ал эми Батыш эмне кылып жатат? Кошмо Штаттар Афганистанга тиешелүү 9,5 миллиард долларды тоңдуруп салып, эми Евробиримдиктин миллиард, АКШнын 300 миллион доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамын берүү үчүн Кабулга шарт коюуда. Өз эркин афгандыктарга таңуулап көнгөн Батыш 20 жылдык оккупацияда жеңилген соң да жаңы улуттук бийликке талап коюудан баш тарта албай келет. Башкача айтканда, афгандыктардын кыжырын кайнаткан, талибдерди бийликке кайтарган нерсени кайталап жатат.

"Эл аралык коомчулук афган элине далысын салып, кайдыгер боло албайт", — деди Түркия президенти Эрдоган. Эгер качкындардын агымынан кооптонбосо, Батыш кайдыгер болуп эле коймок. Андыктан Афганистанды унутта калтырып же таптакыр изоляциялап салууга болбойт, кандайдыр бир реакция жасоого мажбур.

Эң ынанымдуусу — жаңы өкмөттү таанып, санкцияларды жоюп, акчаны "бошотуп", көмөк көрсөтүп, чет элдик (биринчи кезекте исламдык) инвестицияларга тоскоол болбой ар кыл эл аралык долбоорлорго кошулууга жардам көрсөтүү. Жок, тилекке каршы, мындай болгон жок. Анын ордуна талибдерден ИМ* сыяктуу уюмдарга каршы күрөшүүдөн (ансыз деле күрөшүп жатышат) тышкары, адамдын ар кыл укугун сактоо (аялдардын укугу, өлкөдөн чыгуу укугу ж.б.) жана тышкы күчтөрдү канааттандырган өкмөт түзүүнү (курамына улуттук азчылыкты камтыган) талап кылып, опузалап жатат.

Талибдер ИМ менен күрөшүүдөн да, аялдардын укугун таануудан (шариятка каршы келбегенин) да, болочок өкмөткө өзбектерди, тажиктерди, хазарийлерди кошуудан да баш тарткан жок, бирок муну алар бирөөнүн айдагы, таасири менен эмес, өздөрү жасагысы келип жатат. Талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Амир Хан Муттаки билдиргендей, "Афганистан Ислам Эмирлиги ушул кезге чейин ИМ көйгөйүн ийгиликтүү чечип келген", бирок талибдерге жасалган эл аралык кысым ИМ террорчуларын шыкактап жатат, демек, "дүйнө басым жасоонун ордуна биз менен кызматташуусу керек".

Чынында ушу тапта чет жактын өкүмзорлугу таптакыр тескери жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.

Талибдер алардын мыйзамдуу бийлик катары кабыл алынбай жатканын, биринчи ирет бийликке келген 1996-2001-жылдардагыдай эле көз жаздымда калтырып, дүйнөлүк аренага чыгарбай жатканын көрөт. Анан өзү менен өзү болуп, дүйнөлүк коомчулукка чыга албай турганына көзү жетет да, "бул каапырлардан башка эмнени күтүп болмок эле" деп тышкы дүйнөгө артын салат.

Дагы жакшы, аалам Батыш менен бүтүп калбайт, Афганистан бүгүн таптакыр башка күчтөрдүн жоопкерчилигинде. "Ири жыйырмалыктын" ушул өлкөгө арналган саммитине Россия менен Кытай лидерлеринин катышпаганы да да жөн жерден эмес, алардын буга көз карашы да, мамилеси да таптакыр башка.

Мында кеп Москва менен Пекиндин Батышка улам-улам Афганистанга "карыз" экенин, өлкөнү калыбына келтирүүгө милдеттүү экенин эскертип жатканында деле эмес. Атлантисттерге Афганистандын мышык ыйлаарлык абалы үчүн жоопкер экенин эстетип туруу бул саясий-пропагандалык позиция экени түшүнүктүү. Чынында орустар да, кытайлар да Батыш аталган өлкөгө инвестиция салып жиберет деп ишенбейт. Афганистанды калыбына келтирүү үчүн Азиянын өзүндө деле акча жетиштүү, бул биринчи кезекте Аравия менен Кытайдын каражаты. Бирок бул акча келиши үчүн, Афганистанды дааналап дүйнөлүк экономикага кошуу үчүн (азырынча баңгизат бизнесинде гана бар) талибдердин өкмөтүн таанып, өлкөнү калыбына келтирүүгө кызыкдар мамлекеттерди ишке тартуу керек.

Мындан улам кийинки жумада Афганистан боюнча Москва форматындагы жолугушуу өтөт. Сергей Лавров бул сүйлөшүүнү өлкөнү калыбына келтирүү боюнча эл аралык конференцияга жасалган кадам деп баалоодо. Иш-чаранын зарылдыгын баары белгилеп жатышат, бирок саммитти афган өкмөтү жок өткөрүү эч пайдасыз. Андыктан талибдерден өкүлдөр чакырылып, эң негизгиси, жолугушууга туура тараптар келмей болду. "Москва форматы" өзүнө Россиядан тышкары Афганистандын бардык коңшуларын: Борбор Азия мамлекеттерин, Иран, Пакистан, Кытай жана Индияны камтыйт. АКШнын да келиши күтүлүүдө, бирок жогорудагы курамда чоочун койдой эле болуп калчудай.

Анткени Америкадан башкасынын баары ШКУга — Азия коопсуздугу боюнча азиялык уюмга мүчө. Кабул бийлиги жакын коңшулары, Афганистандын тынчып жай турмушка келүүсүн чындап каалаган өлкө өкүлдөрү менен баарлашат. Алар жаңы согуш чыгарып жиберели деп куйтуланбайт, теңине албай керсейбейт. Реалдуулук кандай болсо, ошондой кабыл алат. Ушунусу менен артык.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

0
Белгилер:
Афганистан, бийлик, саясат, АКШ, Россия, Борбордук Азия, саммит, мамлекет, согуш
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
G20 уюму: Афганистанга гуманитардык жардам берүүгө мажбур болуп турабыз