Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турускулов: 2020-жылы "Республика — Ата-Журт" шайлоого барбайт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов
Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов алдыдагы парламенттик шайлоого карата аталган партиянын пландары менен бөлүштү.
Турускулов: 2020-жылы "Республика — Ата-Журт" шайлоого барбайт

2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого "Республика — Ата-Журт" тандеми барбайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, келе жаткан шайлоого "Республика" партиясынын өз алдынча барары дагы азырынча белгисиз.

"Республика — Ата-Журт" бир жолку максатты ишке ашыруу үчүн түзүлгөн тандем болчу. Биз бул биригүүнүн арты менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп келе алдык. Демек, максатыбыз ишке ашты. Ал эми 2020-жылда боло турган шайлоого чогуу баруу жөнүндө эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес. "Республика" партиясы бир жылдан кийинки шайлоого өз алдынча аттанабы-жокпу, азырынча белгисиз. Шайлоого катышып калышыбыз мүмкүн, катышпай да калышыбыз толук ыктымал. Бул тууралуу азыркы тапта эч нерсе айта албайм", — деди Турускулов.

Депутат учурда ар кайсы партиялардын лидерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0