Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Илгиз Шернияз: кино тартып дүйнө кыдырса болот

© Sputnik / Асель СыдыковаРежиссер Илгиз Шернияз
Режиссер Илгиз Шернияз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш режиссер Илгиз Шернияз кыска метраждуу тасма тартып бир нече мамлекеттерге барып келгенин айтты.
Илгиз Шернияз: кино тартып дүйнө кыдырса болот

Кино жаратмандардын бир жылда 200 кинофестивалга катышуу укугу бар. Бул тууралуу Илгиз Шернияз Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фильмди тарткан техника жакшы болбосо дагы чыгарманын идеясы күчтүү болушу керек.

"Үчүнчү курста окуп жаткан учурда группалаштарым менен алгачкы кыска метраждуу фильм тартканбыз. Тасма "Охота" деп аталат. Анда белгилүү сүрөтчүнүн бир картинаны жаратуу процесси чагылдырылган. Бюджети 15 миң сом болчу. Бул тасма "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" эл аралык фестивалында элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, 50 миң сом сыйлык алды. Түркияда жаш медиачылардын "Айдын Доган" аттуу конкурсунда экинчи орунду, Санкт-Петербургда биринчи жана Австралиядагы үнсүз тасмалар фестивалында мыкты беш тасманын катарына кирген. Дипломдук ишиме тарткан экинчи тасмам "Көк бөрү" деп аталып, анда профессионалдуу команда иштеп, ага 3000 доллар каражат сарптадым. Сценарийи чоң атам Болот Шерге таандык. Тасманын мазмуну улуттук оюндун келип чыгышы тууралуу болчу. Жалпы 25 фестивалдын финалында болуп, 11 түрдүү сыйлык алып, 20 өлкөдө көрсөтүлдү. Марокко, Тунис жана Австриядан чакыруу алдым", — деди Шернияз.

Режиссер алдыда кыска метраждуу 4-5 минуталык тасма жаратуу планы бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0