Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Уролог: балдарды мажбурлап сүннөткө отургузуунун кажети жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетинин урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Чыныбек Алимов. Архив
Кыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетинин урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Чыныбек Алимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетинин урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Чыныбек Алимов эркек балдар эки негизги себеп менен сүннөткө отургузуларын айтты.
Уролог: балдарды мажбурлап сүннөткө отургузуунун кажети жок

Бүгүнкү күндө эркек балдарды сөзсүз сүннөткө отургузуунун зарылчылыгы жок. Анткени XXI кылымда гигиенаны сактоого бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу Чыныбек Алимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эркектерди жаш өзгөчөлүгүнө карабай ымыркай баладан тарта 60-70 жаштагы карыяларга чейин сүннөткө отургузса болот.

"Медициналык жактан алып караганда эркек балдарды сүннөткө отургузуу туура. Анткени ал жыныстык гигиенаны сактоого өбөлгө түзүп берет. Бирок бүгүнкү күндө таза жүргөнгө бардык ыңгайлуу шарттар бар. Ошол себептен балдарды мажбурлап, сөзсүз сүннөткө отургузуунун деле зарылчылыгы жок. Мындан сырткары, айрым кезде балдардын жыныстык мүчөсү жабыркап же туура эмес жетилиши мүмкүн. Бул учурда операция жасалып, кошумча материал катары ошол жыныстык мүчөнүн башындагы тери колдонулат. Ошондуктан баланы сүннөткө отургузуунун алдында дарыгерлерге кайрылып, кеңешип алган туура болот ", — деди уролог.

Ошондой эле ал сүннөткө отургузуунун хирургиялык жана кансыз операция жасоо жолдорун айтып, эки ыкма тең коопсуз экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0