Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: окуу китептериндеги кетирилген каталар эске алынат

© Sputnik / Сергей АладьевБилим берүү жана илим министри Каныбек Исаков
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков окуу китептерин чыгаруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, мурдагы каталарды кайталабаганга аракет көрүлүп жатканын айтты.
Исаков: окуу китептериндеги кетирилген каталар эске алынат

Балдарыбызга сапаттуу, мазмуну терең, жаңы стандарттагы китептерди чыгарып беребиз. Бул тууралуу Каныбек Исаков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атамекендик китептерди чыгаруу системасы совет бийлиги менен бирге кыйрап, улуттук билим берүү моделдерин иштөөдө кыйынчылыктар болгон.

"Министрликтин негизги милдети — билим берүүнүн сапатын көтөрүү. Ал эми мыкты билим берүү үчүн сапаттуу китептерди басып чыгаруу керек. Соңку мезгилде бул багытта бир катар кемчиликтер кетип, коомчулуктун катуу сынына кабылды. Адистерден баштап депутаттарга чейин конкреттүү каталарды айтып нааразы болуп жатышты. Учурда биринчи кезекте ушул китептердин сапатын жакшыртууга аракет көрүлүүдө. Атайын жумушчу топ түзүп мурдагы кетирген каталарды эске алып, акыл калчап чечимдерди кабыл алалы деп турабыз. Китеп жазган усулчулар, редакция жана типография менен иштөө жөнгө салынышы керек", — деди министр.

Ал учурда курч маселе болуп турган мектептердеги фонд көйгөйүн чечүү үчүн системдүү иш-аракеттер жасаларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0