Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбаев: өлкөдө өлүмдүн 50 пайыздан ашыгына жүрөк дарттары себепкер

© Sputnik / Максат ЭлебесовМирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев. Архивное фото
Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев учурда жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар көбөйүп, калктын саламаттагы начарлап баратканын айтты.
Сарыбаев: өлкөдө өлүмдүн 50 пайыздан ашыгына жүрөк дарттары себепкер

Статистикага ылайык, жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын саны жалпы өлүм-житимдин 50 пайыздан ашыгын түзөт. Бул тууралуу Акпай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тамеки чегүү, аз кыймылдоо жана туура эмес тамактануу — жүрөк-кан тамыр ооруларын козгогон эң башкы факторлор.

"Статистикалык маалыматтарга таянсак, өлкөдө жылына ар кандай оорулардын айынан каза болгондордун 50,8 пайызын жүрөк дарттарынан көз жумгандар түзөт. Ал эми андан майып болуп калгандар - ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 19 пайызына барабар. Жүрөк оорулары инфаркт, инсульт жана гипертония деп бөлүнөт. Булар аз кыймылдоо, туура эмес тамактануу жана тамеки чегүүнүн кесепетинен келип чыгат. Биздин эсептөөлөр боюнча, калктын 20 жаштан жогору курактагы бөлүгүнүн 47,8 пайызынын кан басымы бийик. Ошондой эле Кыргызстанда ар бир экинчи эркек жана ар бир төртүнчү, бешинчи аял тамеки чегет. Бул да чоң көйгөй. Андан тышкары, бир миллионго жакын адамдын канында холестериндин көлөмү жогору. Бул инсульт менен инфаркт оорусуна алып келет", — деди кардиолог.

Ошондой эле дарыгер жүрөк-кан тамыр ооруларынан оолак болуш үчүн ар бир адам күн сайын 400 граммдан кем эмес жашылча-жемиш жеп турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0