Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бейшеналиев: билим берүү тармагында формалдуулукту жоюу зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаБорбордук Азия регионалдык институтунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору Алмазбек Бейшеналиев
Борбордук Азия регионалдык институтунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору Алмазбек Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук Азия регионалдык институтунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору Алмазбек Бейшеналиев билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн кыска убакытта аткарууга тийиш болгон иштер тууралуу пикирин билдирди.
Бейшеналиев: билим берүү тармагында формалдуулукту жоюу зарыл

Министрликтин алкагында гана өтүүчү жыйындар, белгилүү бир эксперттер тарабынан жазылган план, концепция, стратегиялар алыскы аймактарга жетпей, кагаз жүзүндө ошол жерде калып жатат. Мекеме биринчи кезекте мына ушул формалдуулуктан арылуусу керек. Мындай пикирин Алмазбек Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, Билим берүү министрлигинде аппаратынан баштап жетекчиликке чейин кардиналдуу өзгөрүүлөргө баруусу керек.

"Билим берүү багытын кыска убакытта жөнгө салуу татаал. Бул жемишин бир канча жылдан кийин көрсөтө турган тармак. Ошентсе да учурда мезгил талап кылып жаткан негизги үч маселе бар. Алгач министрлик өз алкагында эле айланып жүрө берген кагаздардан, формалдуулуктан арылуусу шарт. Экинчиден, мекеме ичинде кескин өзгөрүүлөрдү, жаңыланууну жасашы керек. Муну менен катар эле балдарды бүгүнкү күнгө ылайыктап эмес, келечекте жашап кете ала турган кылып тарбиялашыбыз мезгил талабы. Окуучулар келечекте өз жашоосун куруп кете ала турган билимди азыр беришибиз зарыл", — деди окумуштуу.

Ал ошондой эле дүйнө глобалдашып жатканда өлкөдө бир кылым мурда окутулган окуу китептерине кайтуу идеясы туура эмес экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0