Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрмегалиев: депрессияга кабылып, психикасы бузулгандар көбөйдү

© Sputnik / Асель СыдыковаЗамдиректора по лечебной части РЦПЗ Кубанычбек Эрмегалиев
Замдиректора по лечебной части РЦПЗ Кубанычбек Эрмегалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык психикалык ден соолук борборунун директорунун дарылоо боюнча орун басары Кубанычбек Эрмегалиев 10-октябрдан 10-ноябрга чейин психикалык ден соолуктун бир айлыгы өтө тургандыгын айтты.
Эрмегалиев: депрессияга кабылып, психикасы бузулгандар көбөйдү

Дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүн белгилөө жана өткөрүлүп жаткан бир айлык психикалык оорунун жайылышын азайтуу, алдын алууга көңүл бөлүү жана адамдарга психикалык жактан бейпилдикти камсыз кылууга үйрөтүүнү көздөйт. Бул тууралуу Кубанычбек Эрмегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча психикалык ооруга чалдыккан 77 миңге жакын адам каттоодо турат. Анын ичинен 55 миңи шаарда жашагандар.

"Бир айлыктын алкагында республика боюнча психиатрлар жер-жерлерде психикалык оорулардын кантип алдын алуу керек, кимге кайрылып, кантип дарылануу зарыл экендигин айтып берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп башташты. Ошондой эле медицина илимдеринин доктору, профессор Соложенкинди эскерүү боюнча республикалык семинар өттү. Алдыда оорукана, мектеп жана чоң ишканаларда санбюллетендерди ачалы деген оюбуз бар", — деди Эрмегалиев.

Ал Кыргызстанда психикалык ооруга чалдыккан адамдардын саны жылдан-жылга өсүп, анын кесепетинен суицидге баргандар көп болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0