Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков

Министр: ата-энелер фонду боюнча маселе 2-3 жылда чечилип калат

164
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ата-энелер фондун жоюу же калтыруу боюнча өз пикирин айтты.
Министр: ата-энелер фонду боюнча маселе 2-3 жылда чечилип калат

Ар бир мектептин 20-30 пайызын социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлө балдары түзөт. Мектеп фондуна акча чогултууда бул катмардагы ата-энелерден каражат талап кылынбашы зарыл. Тескерисинче, аларга жардам көрсөтүлүшү абзел. Мындай пикирин Каныбек Исаков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер фондусунун ишине мектеп администрациясы кийлигишпеши керек.

"Эгер азыр ата-энелер фондун жоюп салабыз десек, анда мектеп администрациясы окуу жайды толугу менен мамлекет каржыласын деген талапты коет. Өлкөнүн учурда мындай мүмкүнчүлүгү жок. Эгер азыркы абалында эле калтырабыз десек, ата-энелердин нааразычылыгына кабылабыз. Андыктан учурда эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алып системдүү чечим чыгаруу зарыл. Учурда алгачкы кадамдарыбыз фондуга түшкөн акчанын ачыктыгын камсыздоого багытталып жатат. Ар бир мектепте терминалдар орнотулуп, ата-энелер канча акча чогултканын, эмнеге жумшалып жатканын ачык көрө ала турган шарттарды түзүү талаптарын коюп жатам. Бул маселе 2-3 жылдын ичинде толук кандуу жолго коюлуп калат деп ойлойм", — деди Исаков.

Министр аталган көйгөй Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда курч экендигин кошумчалады.

164
Белгилер:
көйгөй, мектеп, фонд, ата-эне, Каныбек Исаков
Тема боюнча
Бейшеналиев: билим берүү тармагында формалдуулукту жоюу зарыл
Улуттук энергохолдингдин көз карандысыз серепчиси Чоробай Акунов. Архив

Акунов: суу сатылып жатат деген маалымат жалган

46
(жаңыланган 12:53 10.08.2020)
Улуттук энергохолдингдин көз карандысыз серепчиси Чоробай Акунов альтернативдик булактардан энергия алууну жолго салуу шарт экенин айтты.
Акунов: суу сатылып жатат деген маалымат жалган

Суунун аздыгы көйгөй жаратпашы үчүн кошумча кубаттуулук болушу зарыл. Ал үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун тез арада бүтүрүү керек. Бул тууралуу Чоробай Акунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясына болгон муктаждык жыл санап өсүп жатат.

Тынчсыздануу бар. Быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болору айтылды

"Өлкөдө суу аз келип калган учурлар болот. Кээде жакшы агып келип, көлөмү көбөйүшү ыктымал. Быйыл дагы суу аз келген убакка туш келип турабыз. Анан эле энергетиктер суу сатып жатышат деген сөздөр чыгат. Чындыгында мындай болушу мүмкүн эмес. Себеби сууну жаңы түзүлгөн Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик көзөмөлдөйт. Ошондуктан суу сатылып жатат деген маалымат фейк. Суунун тартыштыгы маселе жаратпашы үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин тез арада куруу зарыл. Мындан тышкары, альтернативдик булактардан энергия алууну жолго салуу шарт. Ошондо өлкөдө суунун азайып-көбөйүүсү көйгөй жаратпайт. Ошондой эле коңшу өлкөлөр менен электр энергиясын айлантып бириктирүү дагы ишке ашса, бул жааттагы көйгөйлөр чечилип калат эле. Ага ылайык, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана башка өлкөлөр бири-бирине көмөктөшүп турат", — деди Акунов.

Серепчи бир жылдык келишимдин негизинде жайында өлкө Казакстанга 300 миллион киловатт электр энергиясын бергенин айтып, кышында муну кайтарып ала турганын кошумчалады.

46
Белгилер:
ГЭС, электр энергиясы
Тема боюнча
Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архив

Естебесова: хлор астмасы барларга терс таасирин тийгизет

19
(жаңыланган 12:50 10.08.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова дезинфекциядан улам пневмония күчөп жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.
Естебесова: хлор астмасы барларга терс таасирин тийгизет

Хлор зыяндуу заттардын бирине кирет. Ал өнөкөт астмасы барларга зыян. Туура эмес концентрацияда колдонулса адам катуу ууланып же дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары күчөшү ыктымал. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирустук пневмония менен хлордон уулануунун симптомдору эки башка болот.

Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири

"Дезинфекциялоо үчүн чачылып жаткан хлор коронавирустук пневмонияга алып келбейт. Анткени анын концентрациясы өпкөнү жабырката турган деңгээлге жетпейт. Албетте хлор уулуу зат болуп эсептелет, бирок ал пневмонияны шарттабайт. Хлор туура эмес концентрацияда колдонулса организмди уулап же дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларын күчөтүшү ыктымал. Андан ууланганда көңүл айнып, адам кусушу мүмкүн. Өпкөнүн чел кабыгы сезгенип, жөтөл пайда болот. Ал эми коронавирустук пневмония кан коюлуп кетип өпкөнүн тамырчаларына уюп калгандан улам жаралууда. Бул рентгенден пневмония сыяктуу көрүнөт, ошондуктан коронавирустук пневмония деп айтылат. Анда кадимки пневмониядан айырмаланып адамдын дене табы көтөрүлбөйт. Киши демигип, кургак жөтөл пайда болот. Бул экөөнү бири-бирине байланыштыруу такыр мүмкүн эмес. Ошентсе дагы хлордун зыяндуу заттардын катарына кире турганын белгилей кетүүбүз зарыл. Ал көбүнчө дезинфекция иштери үчүн тийиштүү концентрацияда колдонулат. Өпкөнүн өнөкөт оорусу барларга, астма менен жабыркагандарга терс таасирин тийгизиши ыктымал. Ал эми бронхитке анча коркунучтуу эмес", — деди Естебесова.

Дарыгер хлор бөлмөдө колдонулса, терезелерди ачып шамалдатып коюу керектигин кошумчалады.

19
Белгилер:
коронавирус, дезинфекция, хлор, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Ыбышева: дезинфекция иштерин адамдар жок учурда жүргүзүү зарыл
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт

Жалкоолук, тойдон тойго жашоо... Токаев казак коомунун беш кемчилигин атады

0
(жаңыланган 18:05 10.08.2020)
Президенттин айтымында, өлкө быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт, бирок коомчулуктун бир кылым мурда Абайды тынчсыздандырган кемчиликтери жоюлбай келет.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улуу акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата "Абай — руханий реформатор" деген аталыштагы макала жазып, анда казак коомчулугунун бир нече кемчиликтери тууралуу дагы айта кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Президенттин айтымында, өлкө быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт, бирок коомчулуктун бир кылым мурда Абайды тынчсыздандырган кемчиликтери жоюлбай келет.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

"Өз доорунда Абай айткан "беш душманыбыздан" дагы деле толук кутула албай жатабыз. Тилекке каршы, коомубузда жалкоолук, пайдасыз сөздөр көп. Алар кишини тыңгылыктуу иш бүтпөгөн, маанисиз жашоого сүйрөйт. Ошондой эле эмгектенүүнүн ордуна ар бир нерседен саясат издегендер жок эмес", — деди Токаев.

Өлкө башчы эске салгандай, Абай тойдон тойго чейин күн санабай, билим алып, руханий өсүүгө чакырган.

"Биз билимдин аркасы менен гана өсө алабыз. Заманбап билим берүү интеллектуалдык жактан жетилген улут болууга жардам берет. Экинчи орунда тарбия турат. Улуу ойчул айткандай, пайда издебей, абийирди ойлойлу. Ошондо гана биз жаштарга үлгү боло алабыз", — деп жазган президент.

Мындан тышкары, ал Абай казак эли болушунча жаңы жана керектүү кесиптерге умтулуп, ар бир жаран өз ишинин чебери болушун каалаганына токтолду.

Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты

"Азыркыдай кымгуут кезде бул өтө маанилүү. Байлык жок болуп кетиши мүмкүн. Ал эми иш билгилик өмүр бою биз менен калат. Биз ишке болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек. Анткени бизди сүйүктүү жумушубуздай эч нерсе бактылуу жана бай кыла албайт", — деп жазылат өлкө башчынын макаласында.

Ошондой эле Абай акын өз элин тилектештикке көп чакырганы айтылат. Ал "эгер казактын уул-кыздары бири-бирине пикирлеш, ыктымактуу болбосо, башка нерсенин баары бир тыйынга татыбайт" деп айткан экен.

Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы

Токаевдин пикиринде, Абайдын бул сөздөрү бир гана казак эмес, өнүгүп-өсүүнү каалаган ар бир элге жол көрсөткүч боло алат.

0
Белгилер:
эл, макала, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар