Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурматова: эркектер психологго кайрылгандан уялат

© Sputnik / Асель СыдыковаПсихолог Мээрим Нурматова
Психолог Мээрим Нурматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык психикалык ден соолук борборунун психологу Мээрим Нурматова адиске көбүнчө аялдар кайрыларын айтты.
Нурматова: эркектер психологго кайрылгандан уялат

Ар бир эле адам стресс, депрессияга кабылат. Эгер адам бош убакыт калтырбай сүйүктүү иши менен алектенсе же жөн эле достору менен чер жазып сүйлөшүп турса, андай абалдан оңой эле чыгып кетет. Бул тууралуу Мээрим Нурматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер кишинин маанайы чөгүп, түрдүү маселелер ойлондуруп жатса, ичине сактабай жакын адамдарына айтып, алардан кеңеш алганы туура.

"Биз сөз менен адамга стресс, депрессиядан чыгууга жардам беребиз. Ар кандай терапия менен анын оор абалдан чыгышына аракет жасайбыз. Алсак арт-терапияда адам сүрөт тартып алаксыйт. Жай музыка, спорттук көнүгүүлөр, медитация жакшы натыйжа берет. Көбүнчө психологго түрдүү маселелери менен аялдар кайрылышат. Алар ичиндегисин айтып алгандан тартынышпайт. Мисалы, үй-бүлөдөгү, жумуштагы көйгөйлөрүн, келиндер кайненеси менен түшүнүшө албай жаткандарын айтып келишет. Андан тышкары, мырзалардан айырмаланып дос-курбуларына арманын айтып, бугун чыгарып, эс алып калышат. Мырзалар, тескерисинче, жабык болуп, адиске кайрылгандан уялышат", — деди Нурматова.

Ал кайгыны көкүрөктө сактап, буктун баарын ичте чогулта берүү депрессияга алып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0