Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагымбаев: жолдорду кыш мезгилине даярдоо иштери 70 пайызга аяктады

© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт жана жолдор министрлигинин автожолдор башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айбек Сагымбаев
Транспорт жана жолдор министрлигинин автожолдор башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айбек Сагымбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлигинин автожолдор башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айбек Сагымбаев өлкөдөгү ири трассаларды 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иш мерчемдери жаз айларында башталганын айтты.
Сагымбаев: жолдорду кыш мезгилине даярдоо иштери 70 пайызга аяктады

Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы жолдорду кыш мезгилине даярдоо иштери дээрлик 70 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу Айбек Сагымбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча кыш мезгилинде шарты катаал жол тилкесине айлана турган 30 ашуу бар. Алардын 28ине өзгөчө көңүл бурулуп, кар тазалоочу техникалар жана инерттик материалдар жеткирилсе, экөө жаз айларына чейин жабылат.

"2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Тактап айтканда, техникаларды калыбына келтирүү, реагенттерди тийштүү тилкелерге жеткирүү, күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыз кылуу иштери дээрлик 70 пайызга аяктап калды. Ошондой эле ӨКМ, ИИМ жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте коомчулукка маалымат жеткирүү, кооптуу абал жаралып калса комплекстүү иш алып баруу багытында да макулдашып, тийиштүү иштерди аткарып жатабыз", — деди Сагымбаев.

Ошондой эле ал Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы кар көчкү көп түшкөн Көчкү-Булак аймагында атайын тосмо дубалдар (көчкүдөн сактап калчу галереялар) курулуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0