Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калыбеков: той өткөрүүдө феодалдык адаттан арылышыбыз керек

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков. Архив
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков аталган уюмга быйыл туура 85 жыл толгондугун айтты.
Калыбеков: той өткөрүүдө феодалдык адаттан арылышыбыз керек

Той десе эле боз үй тигип, мал союп өткөргөн болбойт. Мындай феодалдык адаттардан арылышыбыз керек. Бул тууралуу Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдык мааракесин уюм илимий конференциялар, маданий жолугушуулардын алкагында белгилөөнү пландап жатат.

"Сыртта XXI кылым. Кыргыздарым, капа болбогула, бирок биз той десе эле жылкы союп, чучук жеп жашап келебиз. Мындан арылып, мааракелерди цивилдүү өткөрүүгө өтүү керек. Жазуучулар союзунун быйылкы 85 жылдыгын так ушундай өңүттө белгилейли деп турабыз. Соңку жылдары өлкөдө адабиятка көңүл бурулбай, эл китеп окубай калды. 12-декабрь адабият күнү экенине карабай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилөө менен баары бүтүп калып жатат. Башка акын, жазуучуларды айтпаганда да, Алыкул Осмонов унутта калды. Биз мааракенин алкагында мына ушул багыттагы иштерди жандандырууну көздөп жатабыз", — деди Калыбеков.

Акын жеке инсан катары да ысырапкорчулукка жол берген той, салтанаттарды колдобой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0