Борбордогу жеке клиникалардын биринин пластикалык хирургу Улукбек Маматов

Хирург: сурма жасаткан эркектер күн сайын көбөйүп жатат

2303
Борбордогу жеке клиникалардын биринин пластикалык хирургу Улукбек Маматов белгилүү адамдарга окшошкусу келип жүзүн өзгөртүүнү каалаган аялдарга клиникадагы психологдор кеңеш берерин айтты.

Медицинада 100 пайыз айыктырабыз же жыйынтыгы жакшы болот деген кепилдик жок. Операциядан кийин абал оорлошуп же дары-дармек терс таасирин бериши мүмкүн. Бул тууралуу Улукбек Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пластикалык операция Кыргызстанда арзан болгондуктан коңшу Казакстандан келип кайрылгандар көп. Ошондой эле учурда сурма жасаткан эркектердин саны өскөн.

"Негизи хирург кайрылгандарга жакшы консультация бериши керек. Адам ар нерсени айтып келиши мүмкүн. Мисалы, учурда сурма жасаткан эркектер көбөйдү. Кээ бирөөлөрүндө чынында муктаждык болсо, башкалары сулуулук үчүн кайрылышат. Биз мындай учурда дароо эле макул болуп жасап салбайбыз. Алгач сурма жасалганда көзү кандай болуп өзгөрөрүн жакындаштырылган компьютердик сүрөттөн көрсөтөбүз. Операциядан кийинки кам көрүү процедуралары боюнча түшүндүрүп беребиз. Мындан сырткары, жаш кыздар менен аялдардын арасында белгилүүлөрдүн сүрөтүн көтөрүп алып келгендери кездешет. Албетте, ар бир адамдын анатомиясы башкача, бири-бирине окшошпойт. Андыктан аларга операция жасоодон баш тартып, туура түшүндүрүп жолго салабыз", — деди Маматов.

Ал пластикалык операциянын фанаты болуп, денесинин ар кайсы мүчөсүн өзгөртүүнү каалап, улам эле хирургдарга кайрыла берген адамдар менен психологдор иш алып барарын кошумчалады.

2303
Белгилер:
психология, келбет, операция, хирург
Тема боюнча
Маматов: денедеги ашыкча майды сордуруудан организм шок алат