Билим берүү жана илим министрлиги шайлоо учурунда эң керектүү тармакка айланат. Мындай пикирин Алмазбек Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шайлоо учурунда аталган министрликти рычаг катары колдонуп кеткен учурлар эгемендүү өлкө тарыхында болуп келет.
"Билим берүү жана илим министрлиги шайлоо учурунда көзүр мекемеге айланат. Анда 110 миңдей кызматкер иштейт. Студенттерди аралаштырып, шайлоолордо атайын тизмелер түзүлүп, педагогдор тигил же бул тараптын кызыкчылыгына колдонулат. Биз бул көрүнүштөн арылышыбыз керек. Балдарга бөлүнүп-жарылууну эмес, демократиялык тандоо жүргүзүүнү үйрөтүшүбүз абзел", — деди Бейшеналиев.
Окумуштуу бул көйгөйдү чечүүгө жалгыз министр эле эмес, коомчулук да жардам берүүсү керектигин кошумчалады.
Адабиятчылар маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өзгөчө, акындар аймактарды кыдырып, чыгармаларын элге жеткирсе жакшы болмок. Мындай пикирин Акбар Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чыгармалардын сынга кабылуусу анын окулуп жатканынан кабар берет.
"Поэзия тармагы элдик фольклордон чыныгы жазмага өткөнү жакшы эле өсүш болгон. Андан бери көптөгөн залкар акындар чыгып адабий айдыңда өз ордун ээлеп калды. Ал эми эгемендүүлүккө келе турган болсок, ортодо поэзия каралбай калган. Башкача айтканда, чыгарманын окурманы болуусу шарт. Алар жазуучунун өсүүсүнө түрткү болот. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары китеп окулбай калган. Азыр эми акырындап китепти кубалап окугандар пайда болуп келе жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл болду. Бул аралыкта жакшы чыгармалар жазылды. Ошолорду иргеп, тандалмаларды топтоо зарыл. Анан адабий тармак маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өз кезегинде Байдылда Сарногоевдин барбаган айылы калбаптыр. Азыр деле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан акындарга аймактарды кыдыруу боюнча демилгеленсе, чыгармалар элге жетет эле", — деди Кубанычбеков.
Акын учурда жазылып жаткан чыгармалардын сапаты көбүнесе орто заар болуп жатканын кошумчалады.
IT-технологияларынын жардамы менен жамааттардын өнүгүүсүнө багытталып пландаштыруу, ресурс топтоо жана долбоорлорду ишке ашыруу идеяларын хакатон аркылуу тез убакытта чечсе болот. Мындай пикирин Урмат Такиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.
Анын айтымында, IT-адистер кыска мөөнөттө түрдүү идеяларды карап, алардын ишке ашуусуна көмөкчү болот.
"Хакатон — англис тилинен hack жана marathon сөзүнөн алынган. Программалык камсыздоо компаниялары тарабынан түзүлгөн форум. Биздин хакатондун максаты бар идеялардын аткарылышын тездетүү болуп саналат. 2020-жылы жаңы көйгөйлөр пайда болду. Алсак, дүйнөдө пандемия, экономикалык кризис, саясий кырдаалдар коомдогу орчундуу маселе болууда. Алдыда кандай кризистер болорун да айта албайбыз. Мындай шартта көйгөйлөрдү абдан тездик менен чечкен модель түзгөнгө аракет кылуудабыз. БУУнун Өнүктүрүү программасынын Акселератор лабораториясы тарабынан инновациялык жана технологиялык чечимдерди табуу жана жамааттардын өнүгүүсүнө салым кошо турган долбоорлорду колдоого алуудабыз. IT-адистер кыска мөөнөттө түрдүү идеяларды карап, алардын ишке ашуусуна жардам берет. Хакатон 13-14-мартта өтөт. Хакатонго жеке жана команда менен катышууга болот. Катталуу үчүн БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн веб-сайтына кирүү керек," — деди Такиров.
Ошондой эле жетекчи идеяларды колдоо боюнча демилгелер өлкө аймагында байма-бай уюштуруларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, демилге Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын Акселератор лабораториясы жана Россия Федерациясы тарабынан каржыланган БУУӨПтүн "Санарип экономика шартындагы жаштардын санарип жөндөмдөрү жана мүмкүнчүлүктөрү" долбоорунун алкагында ишке ашууда.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.