Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тогузбаева: даярдап жаткан жер семирткичке идиш-аяк жууган сууну куйбагыла

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева
Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева үй шартында кантип жер семирткич жасаса болорун айтып берди.
Тогузбаева: даярдап жаткан жер семирткичке идиш-аяк жууган сууну куйбагыла

Жаз алды менен отоо чөптөрдөн арылуу үчүн жерди коңторуп казып, тамырын өйдө каратып, эки күнгө таштап коюу керек. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, малдын жаңы кыгын жерге дароо сеппестен чириткен жакшы. Себеби анда али жок болуп кете элек мите курттардын жумурткалары же отоо чөптөр болуп калышы мүмкүн.

"Учурда Кыргызстанда жер кыртышын анализдөө лабораториялары бар. Дыйкандар иштете турган жердин топурагын ошол анализден өткөрүп, анын курамы канчалык бай экенин билип алганы оң. Айдоо жердин кыртышы кумдуубу, чополуубу, ошого карата жерди семиртиш керек. Эгер дыйкан минералдык жер семирткичти колдонууну кааласа, анын так нормасын билип албаса жерди бузуп алышы ыктымал. Андан да жакшысы, өзүбүз эле органикалык жер семирткич даярдап алсак болот. Алсак, дайыма күн тийип турган жерге отундун күлү, башка өсүмдүктөрдүн, тамак-аш калдыктары менен компост жасоонун жолу бар. Мындай аралашманы дароо колдонбой чиритиш керек. Компостко май, идиш-аяк жуугандан кийинки сууну куйбаш керек", — деди Тогузбаева.

Ал ооруп калган өсүмдүктөрдүн сабагын өрттөп, күлүн компостко кошуп койсо болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0