Москвадан чыккан "афганчылардын" автожүрүшү Бишкеке келди. Бул тууралуу Чолпонбек Беккелдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган автожүрүштүн башкы максаты - коомчулукту согушка каршы үндөө, КМШга кирген өлкөлөрдүн ардагерлеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө. Андан сырткары, афган согушунда курман болгон аскерлердин атын өчүрбөй сактап калуу, жакындарына көмөк көрсөтүү жана жаштардын мекенчилдик сезимин ойготуу.
"Бул жүрүштү уюштуруу демилгесин Советтер Союзу учурунда 149-мотоаткычтар полкунда кызмат өтөгөн жоокерлер көтөргөн. Алар 15-сентябрда Москвадан старт алган "Афганчылардын чеги жок биримдиги" деген аталыш менен уюштурулган эл аралык автожүрүштүн алкагында Бишкекте болуп, андан ары Өзбекстанга өтүштү. Алыстан келген коноктор Вячеслав Климов жана Александр Ким жергиликтүү жаштардын патриоттук сезимдерин ойготуу максатында №37 мектептин окуучулары менен жолугушуу өткөрүп, афган согушунда курман болгон мекендештерибиздин бири Виктор Маркоскийдин эстелигине барып, эскеришти. Мындан сырткары, ЖК депутаты Кенжебек Бокоев менен да жолукту", — деди Беккелдиев.
Маектеш аталган автожүрүштүн соңунда 50 мүнөттүк даректүү тасма даярдаларын кошумчалады.
18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.
"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.
Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.
Дача СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.
"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.
Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.
Sputnik агенттиги Дача СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган конушта өрт саат 13:00 чамасында чыгып, ага ӨКМден эки бөлүм тартылган.
Жабыркагандар жана каза тапкандар жок. Өрттүн себеби такталууда.