Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калыкулова: саламаттыкты сактоого бөлүнгөн акчаны кыскартпоону талап кылабыз

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Социум" коомдук бирикмесинин жетектөөчү адиси Эркинай Калыкулова
Социум коомдук бирикмесинин жетектөөчү адиси Эркинай Калыкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Социум" коомдук бирикмесинин жетектөөчү адиси Эркинай Калыкулова саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражатты кыскартуу оорулууларга болгон кыянаттык экендигин айтты.
Калыкулова: саламаттыкты сактоого бөлүнгөн акчаны кыскартпоону талап кылабыз

Эгер бюджет азайса, өлкөдөгү ар бир бешинчи бейтап жетиштүү медициналык жардам ала албай калат. Бул тууралуу Эркинай Калыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, казынадан каражат кем берилсе, ооруканага барган адамдын дары-дармегине акча жетпей, кошумча сатып алууга мажбур болот.

"Биздин бирикменин демилгеси менен 20дан ашуун бейөкмөт уюмдарды камтыган "Бюджеттик адвокация үчүн" деген коалиция түзүлдү. Саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын кыскарышына абдан тынчсызданып Жогорку Кеңешке, президенттин жана өкмөттүн аппаратына кайрылууларды жөнөттүк. Эгерде онкологиялык оорулууларга акча бөлүнбөсө, бул анык кыйноо жана кыянаттык болот деп эсептейм. Ошол эле кант диабети жөнүндө айтууга болот. Биз гемодиализ бейтаптарынын атайын тизмесин толуктоодобуз. Биздин бюджеттин бир бөлүгү кымбат тейлөөлөрдү жабууга кетет.  ВИЧ/СПИД жөнүндө айтпай эле коеюн, ал жерде алдын алуу программалары үчүн каражат жетишпейт", — деди Калыкулова. 

Ал 2020-жылга саламаттыкты сактоо тармагына 14 миллиард  321 миллион сом гана бөлүү каралганын жана буга кошумча, дагы эң аз дегенде 1 миллиард 347 миллион сом керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0