Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арстанбекова: миомасы бар аялдар ысыктан алыс болушу керек

© Фото / Улукбек АскарбековБорборубуздагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова. Архив
Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова миоманын башкы себебинин бири гормоналдык өзгөрүү экенин айтты.
Арстанбекова: миомасы бар аялдар ысыктан алыс болушу керек

Аталган илдет шишиктин бир түрү экенин уккан айымдардын көпчүлүгүндө коркуу сезими пайда болот. Бул тууралуу Аида Арстанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, миомага жаш кыздар жана климакс курагындагы аялдар чалдыгышпайт.

"Миома — булчуң тканынан пайда болгон залалсыз шишик. Айымдар миома десе эле, мен рак болуп ооруп калдым деп ызы-чуу болуп, дүрбөлөңгө түшөт. Аталган илдет гормонго байланыштуу. Ошол себептен ооруга эрте кабылган болсо 40-45 жашка чейин өсүп кетүү коркунучу бар. Ал учурда дарыгерлердин байкоосунда болуп туруу керек. Мончого түшүп, күнгө кактанууга болбойт. Ысык миоманын чоңоюп кетишине түрткү болот", — деди Арстанбекова.

Дарыгер жатындын миомасы 25-45 жаш курактагы аялдардын 20-30 пайызында кездешерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0