Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскарбеков: Өзбекстандын көк бөрү федерациясы регламентти бузду

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү федерациясынын баш катчысы Куватбек Аскарбеков. Архив
Көк бөрү федерациясынын баш катчысы Куватбек Аскарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көк бөрү федерациясынын баш катчысы Куватбек Аскарбеков үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында Өзбекстанда өтө турчу көк бөрү боюнча дүйнө биринчилиги уюштуруучулар тарабынан 2020-жылдын март айына жылдырылганын айтты.
Аскарбеков: Өзбекстандын көк бөрү федерациясы регламентти бузду

Дүйнө чемпионатын өткөрө турган тарап мелдештин датасын өзгөртүү менен Эл аралык көк бөрү федерациясынын регламентин бузду. Бул тууралуу Куватбек Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. 

Анын айтымында, көк бөрү боюнча Эл аралык федерациянын жобосуна ылайык, жогорку даражадагы мелдештерге өзгөртүүлөр киргизилип жатканда ал сөзсүз федерациянын бардык мүчөлөрү менен талкууга алынып, акыркы чечим атайын конгрессте кабыл алынышы керек.

"Бизге расмий чакыруу келбегенинен улам Ташкентке бардык. Ал жактан Өзбекстандын көк бөрү федерациясы менен жолугушканда алар расмий чакыруу эч бир өлкөгө жибериле электигин айтышты. Бирок жакын арада кат менен жөнөтөбүз деп бизди узатышкан. Кийин кат келди. Тилекке каршы, ал жакта расмий чакыруу эмес эле дүйнө биринчилигинин 2020-жылдын март айына жылгандыгы тууралуу маалымат жазылыптыр. Мындан улам мелдештин өтө турчу убактысы эмне себептен жылгандыгы тууралуу суроо узатканыбызда, өзбек тарап уюштуруу иштерин толук бүткөрүүгө жетишпей калгандыгы менен түшүндүрдү. Муну менен уюштуруучулар көк бөрү боюнча Эл аралык федерациянын регламентин бузушту. Бул боюнча чара көрүлүшү керек. Анткени жобого ылайык, беделдүү мелдештерге бир эле өлкө өзү каалагандай өзгөртүүлөрдү киргизе албайт. Азыр биз Эл аралык көк бөрү федерациясына мүчө өлкөлөрдүн катышуусундагы конгрессти күтүп жатабыз. Акыркы чечим ошол жактан кабыл алынышы керек", — деди Аскарбеков.

Ошондой эле ал Эл аралык көк бөрү федерациясына Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Венгрия, Кытай жана Афганистан мүчө экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0