Кыргызстан фракциясынын депутаты Айнура Аскарова. Архив

Аскарова: кыргыз аялдарынын саясатка умтулуусун көр тирилик жеңип кетет

28
(жаңыланган 13:50 27.10.2019)
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айнура Аскарова депутаттык мандатын түрдүү нерсеге алмаштырууну сунуштаган эркек талапкерлер болгонун айтты.

Кыргыз аялдары саясатка умтулбайт деп ойлоо — жаңылыштык. Аялдардын бул каалоо, аракеттерин көбүнесе көр тирилик жеңип кетет. Мындай пикирин Айнура Аскарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республикада аялдардын саясатка аралашуусуна жардам берген аракеттер аз.

"Кыргызстан эгемендүүлүк алганы түйшүктүн баары аялдарга түштү. Үй-бүлөсүн багуу үчүн чет мамлекетке аттанган да, соодага баш урган да аялдар болду. Алардын арасынан ар кандай тоскоолдуктарга карабай мыкты ишкерлер чыкты. Убакыт өтүп, жашоо жакшырганы менен энелер турмуштун түйшүгүнөн толук арылып калган жок. Саясатка аралашайын деп кадам таштаса да, кайра эле үй-бүлөлүк же башка маселелер менен өз максатынан баш тартууга аргасыз. Парламентти эле ала турган болсок, тизме боюнча кезеги келген аял депутатка акча, башка түрдүү кызыкчылыктарды сунуштап, мандатын тапшырууга үндөп башташат. Менин жеке өзүмө да ушундай кайрылуулар болгон. Бул көйгөйдүн тамыры биз кыздарга бийликке, саясатка аралашууну мектептен, кичинекей кезинен баштап үйрөтпөгөндүгүбүздө жатат деп ойлойм. Билимдүү, күчтүү саясатчы аялдарды чыгаруу үчүн аракетти пайдубалынан башташыбыз керек", — деди Аскарова.

Депутат буга карабай акыркы жылдары аялдардын саясатка аралашуусу аз да болсо жанданып келе жатат деген пикирин кошумчалады.

28
Белгилер:
билим, укук, саясат, аялдар, Айнура Аскарова
Тема боюнча
Аскарова: 2020-жылдан тарта парламенттен аял депутат кетсе ордуна аял келет