Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карынбаев: Ош базарын Совет доорундагыдай кылуу пландарыбыз бар

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаместитель главы муниципальной администрации Ленинского района по вопросам ЖКХ, строительства и транспорта Аскат Карынбаев
Заместитель главы муниципальной администрации Ленинского района по вопросам ЖКХ, строительства и транспорта Аскат Карынбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы Ленин районунун акиминин орун басары Аскат Карынбаев "Ош" базарын иретке келтирүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
Карынбаев: Ош базарын Совет доорундагыдай кылуу пландарыбыз бар

"Ош" базарынын тегерегинде товарын жайып саткандарга чаралар көрүлүп жатат. Жакында жыйынтыгы да болот. Бул тууралуу Аскат Карынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган базар Советтер Союзу учурунда тыкан базар болгон.

"Азыркы учурда "Ош" базарында 80ден ашык жеке ишкер ар түрдүү объектилерди иштетет. Анын ичинен 40тан ашууну чоң субъект. Алардан жаңы типтеги конструкция менен көп кабаттуу, бардык шарты бар имараттарды курууну талап кылып жатабыз. Биз дагы көмөк көрсөтүп, базарды иретке келтиргенге аракет кылуудабыз. Бул аймак Совет доорунда архитектуралык түзүлүшү ыңгайлуу, жашылча-жемиш саткан тыкан базар болчу. Мына ошондогудай кылып калыбына келтирели деген пландарыбыз бар", — деди Карынбаев.

Ал жаңы комплекс салынса, ашканасы да имараттын ичинде болуп, базардын тегерегиндеги санитардык нормаларга жооп бербеген тамак-аштын сатылышы токтой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0