Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымов: жүзүмдү башка мөмө-жемиш өспөгөн жерге отургузуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековОкумуштуу-агроном Аваз Касымов
Окумуштуу-агроном Аваз Касымов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуу-агроном Аваз Касымов жүзүмдү башка өсүмдүктөр өспөй турган таштак, акиташтуу жана шордуу кыртышта, кумдак, тик беттерге отургузууга болорун айтты.
Касымов: жүзүмдү башка мөмө-жемиш өспөгөн жерге отургузуу керек

Жүзүмдүн ашыкча бутактарын өз убагында кесип салбаса, кийинки жылы жакшы түшүм бербей калат. Бул тууралуу Аваз Касымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кышында жүзүмдүн бутактарын ороп койбосо үшүк алып кетет.

"Жүзүм күндү жакшы көргөн мөмө. Башка өсүмдүктөрдөй бир калыпта өспөйт. Аны жапыс же бийик кылып алсак болот. Бул өсүмдүктүн эрте, орто жана кеч бышкан түрлөрү бар. Кыргызстанда көбүнчө эрте бышкан "челяки", "кыргыз рани", андан тышкары, "бермет саба", "мадлен анжевин" сорттору эгилет. Ал эми биздин шартта өстүрүүгө кыйыныраак болгон "дамские пальчики", "мерседес", "ризамат" деген сорттору бар. Жүзүм өстүрүүдө азот, фосфор, калий жер семирткичтерин же кык деле сээп топуракты асылдандырууга болот. Өз убагында сугарып туруу абдан маанилүү. Эң негизгиси бутактарын кесип туруу зарыл", — деди агроном.

Ал жүзүм оидиум, мильдю жана антракноз оорулары менен ооруган учурда ридомил голд дарысын чачып койсо жакшы болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0