Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамадалиев: кесиптик окуу жайын бүткөндөрдүн 80%ы иш менен камсыз болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБаштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Абдырахим Мамадалиев
Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Абдырахим Мамадалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Абдырахим Мамадалиев өлкөдө IT тармагында билим берген 10 кесиптик окуу жайы бар экендигин айтты.
Мамадалиев: кесиптик окуу жайын бүткөндөрдүн 80%ы иш менен камсыз болууда

Кесиптик билим алгандардын 75-80 пайызы үйрөнгөн кесиби боюнча жумушка орношуп жатат. Ушул эле учурда өлкөдө ЖОЖду бүткөндөрдүн 15-20 пайызынын гана иш табуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Абдырахим Мамадалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө курулуш тармагында, тигүүчү жана ашпозчу, IT адистигине окугандар жакшы маяналуу иштерге орношууда.

"Бардык кесиптик билим берген тармактардын бюджеттик жана контракт бөлүмдөрү бар. Учурда атайын багытталган билимди кыска убакытта алып, жакшы маяналуу ишке орношуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин жаштар да түшүнүп калды. Мурдагыдай намыстанып ЖОЖго умтулбай, кесиптик билим алууга келгендер көбөйдү. Өзгөчө мындай көрүнүш IT адистигинде, ашпозчу, тигүүчүлүктө байкалат", — деди Мамадалиев.

Ал жогорку билимдүү адамдардын кайрадан кесиптик окуу жайына келип, кыска убакыттагы курстарды бүтүрүп кетип жатышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0