Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маткерим уулу: чек ара көйгөйүнөн улам жүк ташуулар эки эсеге кыскарды

© Sputnik / Эркин СадыковПредседатель подкомитета ТПП КР по транспорту Талантбек Маткерим уулу
Председатель подкомитета ТПП КР по транспорту Талантбек Маткерим уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Маткерим уулу бүгүнкү күндөгү жүк ташуучулардын чек арадан өтүп жатканда туш болгон кыйынчылыктары өлкө экономикасына олуттуу залалын тийгизип жатканын айтты.
Маткерим уулу: чек ара көйгөйүнөн улам жүк ташуулар эки эсеге кыскарды

Жүк ташуучулар жана логистикалык борборлор — экономиканын күрөө тамыры. Мындай пикирин Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки жыл аралыгында Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында пайда болгон жүк ташуучулардын көйгөйү мамлекеттик деңгээлде, өлкө башчылардын даражасында чечилиши керек.

"Акыркы эки жылдан бери жергиликтүү жүк ташуучулар Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан негизсиз жана узак текшерүүлөргө дуушар болуп, коңшу өлкөгө өткөндөн кийин да ар кандай шылтоо менен токтотулуп жатат. Бул жергиликтүү ишкерлердин ишин бир топ кыйындатууда. Анын аркасынан өлкө экономикасы да жабыркап жатат. Мисалы, Кыргызстандагы жүк ташуучу фирмалардын бири былтыр октябрь айына чейин 400 жүк ташуучу унаа менен товарын чет жакка чыгара алса, быйылкы статистикасын карасак ,180 гана унаа Казакстан аркылуу өткөн. Бул жүк ташуучулардын иши эки эсеге кыскарганынан кабар берет жана экономикага эки эсе аз салык түштү дегенди билдирет. Ошондуктан маселени тезинен мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, өлкө башчылардын даражасында чечиш керек", — деди Маткерим уулу.

Ошондой эле ал казак тарап Казакстандын ичинен текшерүүгө алуу менен эл аралык жүк ташуучулар бирикмесинин жана ЕАЭБдин жоболорун одоно бузуп жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0