Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров

Бакиров: аңчылыкка мораторий киргизүүгө үч себептен улам каршы болдум

81
(жаңыланган 13:48 01.11.2019)
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров аңчылыкка толугу менен мораторий киргизүү мыйзамын демилгечилер терең анализдебей эле алып чыгышты деген пикирин айтты.
Бакиров: аңчылыкка мораторий киргизүүгө үч себептен улам каршы болдум

6 миллион 700 миңден ашуун аңчылык аянтына лицензия алып иштетип жаткан 42 чарба бар. Алар өз аймагын коругандан сырткары 167 мергенчини иш менен камсыз кылышат. Эгер аңчылыкка мораторий киргизсек, өкмөт ушул чарбалардай болуп жаратылышты карап, кайтарып, корукка ала алабы деген суроо жаралат. Өкмөттүн учурда мындай иштерди аткарууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты. Бул тууралуу Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай мыйзамды кабыл алуу менен, тескерисинче, браконьерлерге жакшы шарттар түзүлөт. Алар көзөмөл жоктугунан пайдаланып, жылдын төрт мезгилинде тең аңчылыкка чыгып калышат.

"Бул мыйзам коомчулукта да, парламентте да кызуу талкуу жаратты. Демилгечилер маселени терең изилдеп чыкпай эле сунуштап койгону көрүнүп турат. Жеке мен, өкмөт учурда лицензия алып иштеп жаткан чарбалардын ишин аткарууга каржылык жактан мүмкүнчүлүгү жок экенин айтканда, каршы болдум. Анткени жапайы жандыктарды атууга тыюу салуу менен аталган чарбалар ишмердүүлүгүн токтотот, мындан пайдаланган браконьерлер каалаган убакта аңчылыкка чыгып башташат. Экинчиден, бюджеттик кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу эми түшкөн каражат толугу менен жергиликтүү бюджетте калат. Үчүнчүдөн, сейрек кездешүүчү жаныбарларга жылына жалпы санынын бир пайызына да жетпегенине уруксат берилет. Бул жаныбарларды кырып салды дегенге жатпайт", — деди Бакиров.

Депутат аңчылыкка келген чет элдиктер Кыргызстанда орто эсеп менен 15-20 миң доллар акчасын короторун, эгер тыюу салынса, алар Тажикстан, Казакстан сыяктуу башка мамлекеттерге деле бара беришерин кошумчалады.

81
Белгилер:
каршылык, аңчылык, мораторий, мыйзам, Мирлан Бакиров
Тема боюнча
Жаныбеков: Кыргызстандагы 24 миңдей мергенчи үч категорияга бөлүнөт
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова

Естебесова: дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат

16
(жаңыланган 11:38 02.12.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова дем алуу органдарынын өнөкөт жана курч оорулары эмнеси менен айырмалана турганын жана сууктун түшүшү аларга кандай таасир этерин айтып берди.
Естебесова: дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат

Дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат. Андан көбүнчө чылым чекендер, дайыма очок жагып же түтүн менен дем алгандар жабыр тартат. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, автоунаалардын түтүнүнөн чыккан зыяндуу заттар дагы адамдын организмине терс таасирин тийгизет.

"Өнөкөт жана курч оорулардын айырмачылыгы — анын улам кайталанып турушунда. Маселен, курч оорулар өзү айтып тургандай эле сасык тумоо же башка дарттар сыяктуу пайда болуп анан жок болуп кетет. Ал эми өнөкөт оорулар бир нече жыл катары менен суук түшкөн же ага кабылган учурда күчөйт. Дем алуу органдарынын оорулары кеч күз менен жазда аба алмашып, ошол эле учурда суук болуп турган учурда күч алат. Себеби организм абанын алмашуусуна ыңгайлаша баштайт. Ал эми дем алуу органдары бүткүл организмдин "дарбазасы" болуп саналат. Бизде кескин-континенттик климат болгондуктан аба ырайы тез жылып кайра суук түшө берет. Мындай учурда айрым адамдардын дем алуу органдары сезгенип калышы толук ыктымал. Өзгөчө, өнөкөт аллергиясы барлар, чылым чеккендер, очокко от жаккандан жана түтүн менен дем алгандар көбүрөөк жабыр тартышат", — деди Естебесова.

Өпкө дарыгери күндүн табы нөлдөн төмөн болгон учурда респиратордук вирустар абада каалгыбай, адамга тийгизген таасири басаңдап каларын кошумчалады.

16
Белгилер:
оору, түтүн, адам органдары, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Естебесова: тамеки чеккендер COVID-19ду жеңил көтөрөт деген жаңылыштык
Бишкек шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун директору Аида Карагулова. Архив

Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт

46
(жаңыланган 15:37 01.12.2020)
Бишкек шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун директору Аида Карагулова соңку учурларда ВИЧ/СПИДди аныктоо иштери жакшы натыйжа берип жатканын белгиледи.
Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт

Республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт. Анын ичинен 2 072си Бишкек шаарында. Бул тууралуу Аида Карагулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.

Анын айтымында, аталган илдетти жуктуруп алгандар эң көп катталган аймак — Чүй облусу.

"Соңку учурларда ВИЧ/СПИДди аныктоо боюнча иш-аракеттер жакшы болуп жатат. Акысыз тестирлөө боюнча ар кандай акциялар жүргүзүлүүдө. Статистикага токтоло турган болсок, жалпысынан алганда республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт. Анын ичинен 2072 киши Бишкек шаарында катталган. Алдыңкы орунда Чүй облусу, бардык катталгандардын 21 пайызы Бишкек шаарында, 16 пайызы Ош облусунда жана 11 пайызы Жалал-Абадда жашайт. Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп катталып жатышына ички жана тышкы миграция себеп болуусу ыктымал", — деди Карагулова.

Ал ошондой эле ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдарга коронавирус кандай таасир эте турганы изилдене электигин кошумчалады.

46
Белгилер:
миграция, коронавирус, СПИД
Тема боюнча
Дүйнөдө биринчи болуп ВИЧти жеңген адам рактан каза тапты
Ат-Башыга логистикалык борбор проекти. Архив

Ат-Башыга логистикалык борбордун курулушу күтүлүүдө. Маселе кайра каралды

0
(жаңыланган 12:51 02.12.2020)
Чечим 2019-жылдын аягында чыгып, инвесторлор табылып, алар жердин ижара акысынын бир бөлүгүн төлөп коюшкан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам борбор салынбай калган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун аймагына бажы-логистикалык комплексин куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 25-ноябрь күнү Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борборунун кызматкерлери бажы кызматынын өкүлдөрү менен Нарын облусуна иш сапары менен барып, облус башчысы, Ат-Башы районунун акими жана бир катар тийиштүү мекемелердин кызматкерлери менен жолугушкан.

"Анда Ат-Башы районуна бажы-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери чечилди. Жолугушууда логистикалык борборду курууга ылайыктуу жерлер каралды", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик бул долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик өнөктөш катары Мамлекеттик бажы кызматы көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

"2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын мартына чейин аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Анда инвестор менен келишим 25 жылга чейин түзүлөт деп жазылган. Ал эми инвестициянын көлөмү 30 миллион доллар. Учурда Бажы кызматы менен Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борбору тендердин документтерин даярдады. Инвесторлорду тандоо үчүн сынак жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат", — деп айтылат билдирмеде.

Министрлик жакында долбоорду каржылай турчу компанияларга тендер жарыялана турганын кошумчалады.

Эске салсак, Ат-Башыга логистикалык борбор куруу чечими 2019-жылдын аягында чыккан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай турганы маалым болгон. Логистикалык борборду Нарынга кытай, кыргыз ишкерлери аралашкан "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы курмак. Инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага жер алып, акчанын бир бөлүгүн берип коюшкан. Ал каражат инвесторлорго кайра кайтарылган-кайтарылбаганы боюнча өкмөт буга чейин үн ката элек болчу.

0
Белгилер:
тендер, инвестор, логистикалык борбор, Ат-Башы, Нарын
Тема боюнча
Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда
Ат-Башыга курулчу логистикалык борбор: инвестордун 45 миллион сому кайда?