Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанходжаев: ноябрдын 2-3-декадасында кар жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамдиректора Кыргызгидромета Рыскелди Асанходжаев
Замдиректора Кыргызгидромета Рыскелди Асанходжаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев аба ырайына байланыштуу ноябрдын биринчи жумасында күзгү талаа жумуштарын толук бүтүрүп алуу керектигин айтты.
Асанходжаев: ноябрдын 2-3-декадасында кар жаайт

Ноябрдын биринчи декадасында абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Рыскелди Асанходжаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 4-5-6-ноябрь өрөөндөрдө жаан жаайт, ал эми тоолуу райондорго кар түшөт.

"4-ноябрдан кийин абанын температурасы күндүз 13 градус жылуу болсо, түнкүсүн 0 градус болот. 10-ноябрдан кийин суук боло баштайт. Айдын 2-3-декадасында кар жаашы мүмкүн. Тоолордо, ашуулардагы жолдордо жүргөн унаалар кышкы дөңгөлөктөрүн салып, жолго камдуу чыгышын сунуштайм. Отун-суу алып, жыйым-теримди толук бүтүрүп алуу керек. Азыр кардын нормасын айтууга эрте. Марттын орто ченине чейин камдуу болгон оң, айрым тоолуу өрөөндөрдө кар май айына чейин жатышы мүмкүн", — деди Асанходжаев.

Ал учурда Гидрометеорология боюнча агенттигинде жалпысынан 600 кызматкер эмгектенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0