Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Апсеметов: "Бишкекасфальтсервис" жолдогу люктарга жооптуу эмес

© Sputnik / Эркин СадыковНачальник отдела Управления капитального строительства мэрии Бишкека Айдар Апсеметов
Начальник отдела Управления капитального строительства мэрии Бишкека Айдар Апсеметов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башчысы Айдар Апсеметов унаа ээлерин түйшөлткөн жолдордогу асфальттан өйдө же төмөн жайгашкан жана оозу ачык кудуктар маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жатканын айтты.
Апсеметов: "Бишкекасфальтсервис" жолдогу люктарга жооптуу эмес

"Бишкекасфальтсервис" ишканасы жолдордогу люктарга жооптуу эмес. Алардын баары "Бишкек суу канал", "Бишкек газ" жана "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканаларынын балансында. Бул тууралуу Айдар Апсеметов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди. 

Анын айтымында, "Бишкекасфальтсервис" ишканасына люктарды оңдоо үчүн каражат бөлүнбөйт. Бирок ага карабастан, асфальт төшөлүп жатканда кудуктардын 80 пайызы жол менен чогуу түздөлүп, жасалат.

"Бишкектеги кудуктардын көбү Советтер Союзунда курулган. Андан бери алар эскирип, четинен урай баштады. Басымдуу бөлүгү бышкан кыш менен жасалгандыктан ным болгон сайын эзилип, үстүнөн оор жүк ташуучу унаалар өткөндө жерге чөгүп кетип жатат. Ал эми тескерисинче асфальттан өйдө чыгып турган люктар боюнча аны көзөмөлдөгөн муниципалдык ишканалардан сураш керек. Анткени "Бишкекасфальтсервис" люктарга жооптуу эмес. Алардын баары "Бишкек суу канал", "Бишкек газ" жана "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканаларынын балансында", — деди Апсеметов.

Ошондой эле ал акыркы тапта люктардын капкактарын уурдап, темирге өткөргөндөр көбөйө баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0