Көк бөрү федерациясынын башкы калысы Марат Сырдыбаев

Сырдыбаев: тай казанга кызыккан казак көкпарчылары бар

84
Көк бөрү федерациясынын башкы калысы Марат Сырдыбаев октябрь айынын ортосунда кыргыз көк бөрүчүлөрү Казакстандын Алматы шаарына барып, улакты тай казан менен ойноп келишкенин айтты.

Бүгүнкү күндө казактардын өздөрүнүн ичинде да тай казан боюнча пикир келишпестиктер бар. Мындай пикирин Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын Көкпар федерациясынын курамындагы нурсултандык улакчылар тай казанга караманча каршы чыгышса, алматылык көкпарчылар, тескеринче, тай казан менен ойноого кызыкдар.

"Жакында эле Алматыга барып улак ойноп келдик. Эки-экиден болуп төрт команда ат салышты. Биз жаш улакчыларды алып бардык. Оюн тай казан менен, бирок көкпардын эрежелери боюнча өттү. Тактап айтканда, эчкинин ордуна муляж колдонулду жана оюн эки таймдан турду. Биз ал жакка Көк бөрү федерациясынын жаштар лигасынан 8 кишини алып барганбыз. Аларды төрт-төрттөн бөлүп, эки команда чыгардык. Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандан барган биринчи команда 14:1 эсебинде утса, экинчиси 6:4 эсеби менен жеңишке жетти. Жыйынтыгында финалга биздин көк бөрүчүлөр чыгып, башкы мөрөй 1 миллион 250 миң теңгени талашышты. Мындан улам тай казанга бардык эле көкпарчылар каршы эместигин билдик. Сураштыра келсек, казактар өздөрү деле тай казан менен ойногон кыйла кызыктуу экенин моюндарына алышат экен", — деди Сырдыбаев.

Ошондой эле ал Өзбекстандын Көк бөрү федерациясы да улак тартышта тай казанды колдонууга кызыгып жатканын кошумчалады.

84
Белгилер:
улакчы, тай, Көк бөрү
Тема боюнча
Сырдыбаев: көкпарчылар үчүн көк бөрүнүн эрежеси менен ойноо кыйын