Жаңы жолдорду салуу, кеңейтүү 1983-жылы эле планга киргизилип, долбоор башталганы менен каражаттын жетишсиздигинен иштер бүткөрүлгөн эмес. Бул тууралуу Темирбек Мамашов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы жолдорду реконструкциялоого — 478 миллион, курууга 160, 5 миллион юань которулган. Ал эми азыркы бөлүнгөн 278, 9 миллион юанга 60 көчө оңдолот.
"Шаарыбыздын жолдору 50 миң унаага ылайыкташканы менен учурда автокөлүктүн саны 500 миңден ашып кетти. 2016-жылдан бери эки чоң иш бүткөрүлүп жатат. Бул Кытайдан келген каражатка 48 көчө реконструкциядан өттү. Андан тышкары, 23 көчө жаңыланып, андан ашып калган каражатка Москва көчөсүн жасадык. Мындан башка экинчи жана үчүнчү фаза Кытай грантынын эсебинен аткарылат. Алдыдагы беш жылдык план боюнча биринчи кезекте эстакадалык жолдор курулат. Андан тышкары, ар бир кварталга унаа токтотуучу жай салуу каралган", — деди Мамашов.
Ал акча төлөнүүчү трассалар салынып ишке берилсе, жол салууга кошумча каражат алуунун булагы болорун белгиледи.
Адабиятчылар маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өзгөчө, акындар аймактарды кыдырып, чыгармаларын элге жеткирсе жакшы болмок. Мындай пикирин Акбар Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чыгармалардын сынга кабылуусу анын окулуп жатканынан кабар берет.
"Поэзия тармагы элдик фольклордон чыныгы жазмага өткөнү жакшы эле өсүш болгон. Андан бери көптөгөн залкар акындар чыгып адабий айдыңда өз ордун ээлеп калды. Ал эми эгемендүүлүккө келе турган болсок, ортодо поэзия каралбай калган. Башкача айтканда, чыгарманын окурманы болуусу шарт. Алар жазуучунун өсүүсүнө түрткү болот. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары китеп окулбай калган. Азыр эми акырындап китепти кубалап окугандар пайда болуп келе жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл болду. Бул аралыкта жакшы чыгармалар жазылды. Ошолорду иргеп, тандалмаларды топтоо зарыл. Анан адабий тармак маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өз кезегинде Байдылда Сарногоевдин барбаган айылы калбаптыр. Азыр деле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан акындарга аймактарды кыдыруу боюнча демилгеленсе, чыгармалар элге жетет эле", — деди Кубанычбеков.
Акын учурда жазылып жаткан чыгармалардын сапаты көбүнесе орто заар болуп жатканын кошумчалады.
IT-технологияларынын жардамы менен жамааттардын өнүгүүсүнө багытталып пландаштыруу, ресурс топтоо жана долбоорлорду ишке ашыруу идеяларын хакатон аркылуу тез убакытта чечсе болот. Мындай пикирин Урмат Такиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.
Анын айтымында, IT-адистер кыска мөөнөттө түрдүү идеяларды карап, алардын ишке ашуусуна көмөкчү болот.
"Хакатон — англис тилинен hack жана marathon сөзүнөн алынган. Программалык камсыздоо компаниялары тарабынан түзүлгөн форум. Биздин хакатондун максаты бар идеялардын аткарылышын тездетүү болуп саналат. 2020-жылы жаңы көйгөйлөр пайда болду. Алсак, дүйнөдө пандемия, экономикалык кризис, саясий кырдаалдар коомдогу орчундуу маселе болууда. Алдыда кандай кризистер болорун да айта албайбыз. Мындай шартта көйгөйлөрдү абдан тездик менен чечкен модель түзгөнгө аракет кылуудабыз. БУУнун Өнүктүрүү программасынын Акселератор лабораториясы тарабынан инновациялык жана технологиялык чечимдерди табуу жана жамааттардын өнүгүүсүнө салым кошо турган долбоорлорду колдоого алуудабыз. IT-адистер кыска мөөнөттө түрдүү идеяларды карап, алардын ишке ашуусуна жардам берет. Хакатон 13-14-мартта өтөт. Хакатонго жеке жана команда менен катышууга болот. Катталуу үчүн БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн веб-сайтына кирүү керек," — деди Такиров.
Ошондой эле жетекчи идеяларды колдоо боюнча демилгелер өлкө аймагында байма-бай уюштуруларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, демилге Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын Акселератор лабораториясы жана Россия Федерациясы тарабынан каржыланган БУУӨПтүн "Санарип экономика шартындагы жаштардын санарип жөндөмдөрү жана мүмкүнчүлүктөрү" долбоорунун алкагында ишке ашууда.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдорго муз тонуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.