КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев

Бекешев: казинону жаап, бинардык опциондорду калтырса ЖК уят болот

41
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев өлкө аймагында бинардык опциондордун ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганын айтты.

2011-жылы казинолорду жабуу боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Бирок, тилекке каршы, артынан эле букмекердик конторалар, тотализатордук оюндарды ойноткон жайлар пайда болду. Бинардык опциондор деле ушул сыяктуу азгырык оюндардын бир түрү. Бул тууралуу Дастан Бекешев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү бинардык опциондор чет мамлекеттердей эрежелерди сактоо менен оюн жүргүзүшпөйт.

"Бинардык опциондор казинолор сыяктуу эле иштешет. Киресиң, алар айткан бир товарга "ставка" кыласың. 5-15 мүнөт ичинде ошол товардын баасы өсөт же өспөйт деп божомол кыласың да, утасың же утуласың. Мен чет мамлекеттердин бул оюндарды жүргүзүү эрежелери менен таанышып чыктым. Аларда баары туура жасалат экен. Биринчиден, коюлган товар чындыгында бар. Ал эми бизде жок эле товарга компьютер аркылуу акча коюп жатышпайбы. Башкача айтканда, казинодогудай эле оюндар болуп жатат. Алар эч кандай лицензия албай иштешүүдө. Канча салык төккөнүн көзөмөлдөө да мүмкүн эмес, башкача айтканда, мамлекет алардан пайда көргөн жок. Оюнга азгырылган адамдардын жакындары гана жабыр тартууда. Андыктан мындай оюн жайларына тыюу салынышы керек. Казинолордун жабылышын колдоп, анан бинардык опциондорду калтырып койсок, анда парламент уят болобуз", — деди Бекешев.

Ал Европада бул оюндарды лицензиясы бар профессионалдар гана ойнорун, катардагы адамдарга уруксат берилбестигин кошумчалады.

41
Белгилер:
тыюу салуу, мыйзам, Дастан Бекешев
Тема боюнча
Carcheck менен "Айыптарды текшерүү" функциясы иштебей жатат