Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сартова: кумарканалар фондулук биржага жашырынып иштеп жатышат

© Sputnik / Асель СыдыковаОдин из создателей общественного движения народного контроля Сабида Сартова
Один из создателей общественного движения народного контроля Сабида Сартова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдик көзөмөл коомдук кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сабида Сартова өлкөдө кумар оюндарын жүргүзгөн жайларга карата мыйзамдар өтө гумандуу болуп жатканын айтты.
Сартова: кумарканалар фондулук биржага жашырынып иштеп жатышат

Кыргызстанда казиного тыюу салынганы менен кумар оюндарын жүргүзгөн жайлар улам аталышын өзгөртүп алып эле ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Учурда бинардык опциондордун "фондулук биржа" деген атка жамынып иштеп жаткандары да бар. Бул тууралуу Сабида Сартова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азгырык оюндарынан жабыр тарткан жаштардын ата-энелери өз укугун билбей, көйгөйдү ачыктоодон коркуп жүргөндөрү да бар.

"Өздөрүн фондулук биржа деп атап алган, иш жүзүндө кумар оюндарын ойноткон жайлардын иши караңгы киргенден баштап кызыйт экен. Алар акцияларды сатып алабыз дешет, андай болсо имараттын ичин караңгылабай, күндүз, лицензиянын негизинде иштеши керек болчу. Булардын ишмердүүлүгү мыйзамда көрсөтүлгөн бир да талапка жооп бербейт. Ачык эле кумар оюндарын өткөрүп жаткандыктарына күч органдары менен бирдикте жасалган бир нече рейддерде күбө болдук. Мунун баары өлкөдөгү ушул багытты көзөмөлдөгөн мыйзамдардын өтө гумандуу, жумшактыгынан улам болууда. Мындай жайлардын кылтагына көбүнчө жаштар илинип, жабыр тарткан ата-энелер тиешелүү мекемелерге кайрылгандан корккон учурлар бар", — деди Сартова.

Жарандык активист азгырык оюндарынын кандай түрлөрү болсо да тыюу салып, мыйзамдарды күчөтүү менен көйгөйдү жоюу керектигин кошумчалалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0