Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Молдалиева: үй шартында чала дарылануу башка ооруларды козгойт

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери Нургүл Молдалиева
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери Нургүл Молдалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери Нургүл Молдалиева респиратордук вирустук инфекция өзгөчө күз-кыш айларында күч аларын айтты.
Молдалиева: үй шартында чала дарылануу башка ооруларды козгойт

Аталган оорунун козгогучтары — вирустар. Ага эч качан антибиотик жардам бербейт. Эгер бронхит, пневмония, тонзиллит оорулары өрчүп кетсе, ошондо гана дарыгер антибиотик жазып берет. Бул тууралуу Нургүл Молдалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, респиратордук инфекция ооруларында ага каршы иммунитет пайда болбойт. Ошол себептен жүрө бербей жакшылап дарылануу зарыл.

"4-ноябрда Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына бир суткада 287 бейтап кайрылды. Анын ичинен 122си ооруканага жаткырылды. 165и үй шартында дарыланууга жөнөтүлдү. Респиратордук инфекция менен ооругандардын басымдуу бөлүгү кичинекей балдар. Бейтапканага 15 бала жаткырылса, 25и үйүнө жөнөтүлдү. Бейтаптардын көбү парагрипп, сасык тумоо, респиратордук-синцитиалдык вирус, адено, риновирус оорулары менен кайрылгандар. Респиратордук деп аты айтып тургандай оору аба аркылуу жугат. Бул илдетке жашы-кары дебей чалдыгат. Өнөкөт дарты бар адамдарды өзгөчө бейтаптын катарына кошуп, оорусу күчөп кетпеши үчүн ооруканага жаткырабыз", — деди Молдалиева.

Врач ооруп калган адам өз алдынча дарыланбастан, ооруканага келип так диагнозун аныктап, анан дарыгердин айткандары боюнча дарыланышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0