Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошев: Кыргызстанды пайдаланып кеткен инвесторлор бар

© SputnikКыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору, эл аралык арбитр Жоомарт Жолдошев. Архив
Кыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору, эл аралык арбитр Жоомарт Жолдошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору, эл аралык арбитр Жоомарт Жолдошев инвестиция багытындагы мыйзамдардын чийкилигинен өлкө жабыр тарткан учурлар көп деп эсептейт.
Жолдошев: Кыргызстанды пайдаланып кеткен инвесторлор бар

Өкмөттүн инвестиция боюнча саясатын тактоо мезгили келип жетти. Мындай пикирин Жоомарт Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн инвесторлорго берчү кепилдиктеринин бирдиктүү стандарттары тактала элек.

"Өлкөгө инвестиция тартуу боюнча так саясаттын жоктугунан биз инвесторлорго бирдиктүү стандарттарга туура келген кепилдиктерди сунуштай албай жатабыз. Ар кандай шарт менен келген инвесторлор бир нерсеге нааразы болуп калса, белгиленген эрежелердин жоктугунан эл аралык сотторго кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калып жатат. Анан эле ал чет элдин жараны, эл аралык сотко кайрылса утулабыз деп өзүбүз корко баштайбыз. Андыктан өкмөттүн бул багыттагы мыйзамдарды тактоосуна мезгил келип жетти", — деди Жолдошев.

Ал абалдан чыгуу үчүн эл аралык юридикалык билими бар жаштарды өстүрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0