Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева. Архив

Тогузбаева: күзүндө төлү майдаланып кеткен малды сатып салыш керек

184
(жаңыланган 11:49 07.11.2019)
Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева саан жана бооз малга тоютту 5-10 пайыз көбөйтүү керектигин айтты.
Тогузбаева: күзүндө төлү майдаланып кеткен малды сатып салыш керек

Кышында мал түнкүсүн жабык, жылуу сарайда турса, күндүз таза абага чыгып, басып турушу керек. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кышкысын саан уйлар жылуу жайга киргизилбесе, 50 пайыздан көп энергиясын сүт өндүрүүгө эмес, өзүн жылытууга жумшап, сүт берүүсү азаят.

"Асыл тукум малдын өзгөчөлүгү — анын сүтү менен эти абдан жакшы болот. Эгер малдын эркегин эки жылда бир алмаштырбаса, тукуму майдаланып кетет. Жеген жеми ошол эле көлөмдө болгону менен кунардуулугу кескин азаят. Август, сентябрь айларында тоодон түшкөн малды жараксыз деп эсептей берүү керек. Мисалы, төлү майдаланып же ооруган арык малды өзүнчө кармап, сатып, ал каражатка асыл тукум мал алып койгон оң. Ошондо гана чарба кирешелүү болот", — деди Тогузбаева.

Ал кой, эчкиге суткасына эки килограмм чөп, 400 грамм жем берилсе, ири мүйүздүү малга бир күндө төрттөн 15 килограммга чейин чөп, үч килограммга чейин жем берилиши керектигин кошумчалады.

184
Белгилер:
уй, асыл тукум, мал чарбасы
Тема боюнча
Тогузбаева: жапыз бактардын аралыгы 4 метрден кем болбошу керек
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова

Кенжематова: пандемия ички туризмдин өнүгүшүнө жакшы таасир тийгизди

12
(жаңыланган 15:55 16.05.2021)
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова туризмди быйыл 40-50 пайызга жандандыруу пландалып жатканын маалымдады.

Пандемия жалпы туризмди оор жагдайга кептегени менен ички туризмдин өрчүшүнө жакшы таасирин тийгизди. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кенжематова: пандемия ички туризмдин өнүгүшүнө жакшы таасир тийгизди

Анын айтымында, аталган тармакты кайрадан калыбына келтирүү үчүн тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.

"Өлкөдө туризм жакшы темп менен өнүгүп жаткан. Тилекке каршы, 2020-жылдагы пандемиядан улам аталган тармак татаал жагдайга туш болду. Ошого карабастан бул көрүнүш ички туризмдин өнүгүшүнө жакшы түрткү берди. 2019-жылдын жыйынтыгы менен туризмдин экономикадагы үлүшү 5,2 пайыз болсо, 2020-жылдын жыйынтыгы менен 3,2 пайызга түшүп кетти. Учурда туризмди жандандыруу, кайра калыбына келтирүү үчүн аракеттер көрүлүүдө. Быйыл жайкы туризмди өткөрүү үчүн тийиштүү иш-чаралардын планы өкмөткө берилди. Өткөн жылга салыштырмалуу 40-50 пайызга калыбына келтире алабыз деген пландар бар. Учурда аба каттамы менен туристтер өлкөгө келе алат. Бирок автоунаа менен 33 гана мамлекеттен келүүгө мүмкүндүк бар. Ошону абалга жараша ыңгайлаштырып, туристтик пакет сунуштоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле ПРООН менен биргеликте бизнес менен туризмди айкалыштырып, тыгыз иш алып барууну көздөп жатабыз", — деди Кенжематова.

Ал туризмге өлкөдөгү болуп өткөн саясий окуялар дагы өз таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

12
Белгилер:
Кыял Кенжематова, экономика, пандемия, туризм
Тема боюнча
Шатманов: Кыргызстандын кооз жерлерин онлайн саякаттаса болот
Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Илич Марсбек уулу

Марсбек уулу: Европада бир уй берген сүттү биз 4-5 уйдан алабыз

23
(жаңыланган 16:04 16.05.2021)
Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Илич Марсбек уулу өлкөдө соңку 30 жылдын ичинде малдын асылдуулугу абдан начарлап кеткенин белгиледи.

Европада бир уй берген сүттү биз төрт-беш уйдан алабыз. Бул тууралуу Илич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Марсбек уулу: Европада бир уй берген сүттү биз 4-5 уйдан алабыз

Анын айтымында, малдын сапатына эмес санына маани берүү жайыттардын деградация болуусуна себеп болду.

"Союз тараган учурда ири мүйүздүү малдын саны 1 миллион 200 миңдин тегерегинде болгон. Мунун беш пайызы асыл тукум, 95 пайызы асылдандырылган мал болчу. Учурда малдын жалпы саны өсүп, 1 миллион 715 миң башка жетти. Бирок анын 0,8 пайызы гана асыл тукум. Майда жандыктарда деле ушул көрүнүш. Алсак 90-жылдары 5,5 пайыз асыл тукум болсо, 94,5 пайызы асыл тукум курамы менен болгон. Башкача айтканда, аралаш десек болот. Бүгүнкү күндө кой, эчкинин бир пайызы гана асыл тукум болуп саналат. Жылкыны ала турган болсок, болжол менен ушул эле көрсөткүч. Союз таркаган учурда бир уй жылына үч миң литр сүт берсе, бүгүнкү күндө эки миң литрдей сүт алынат. Дүйнөлүк стандартта бул көрсөткүч 6000 литр. Европада 8 000 литрге жеткиришти. Башкача айтканда, Европада бир уй берген сүттү биз 4-5 уйдан алабыз. Бул малдын саны кыйла өскөнү менен сапаты бир топ начарлап кеткенин билдирет. Натыйжада жайыттар жетишсиз болуп, деградация боло баштады. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, экспортту көбөйтүү үчүн малды асылдандыруу жаатында иш алып баруу зарыл. Ошондуктан өлкөнүн ар бир аймагынын климат шартына ыңгайлуу тукумдарды фермерлерге сунуштап, ошол багытта иш алып баргандарга колдоону күчөтүү мерчемделүүдө", — деди Марсбек уулу.

Ошондой эле ал бул багытта окумуштуулар изилдөөлөрдү жүргүзүп, өз сунуштарын бергенин кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

23
Белгилер:
Илич Марсбек уулу, жайыт, айыл чарба, мал, асыл тукум
Тема боюнча
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео
Армениянын чек арасын жанындагы талкаланган шаар. Архив

Армениядагы чек ара жаңжалы: ЖККУ кийлигишер кезби?

0
(жаңыланган 23:29 16.05.2021)
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аймагындагы улам чыгып калып жаткан чек ара жаңжалы – чоң согуштун тутанышына себеп эмес.

Бул өңдүү көйгөйлөр эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, дипломатиялык жөнгө салууну, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ), Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму (ЖККУ) же Түндүк атлантикалык келишим уюмунун (НАТО) потенциалын пайдаланбастан кадыресе делимитация же демаркацияны талап кылат. Ушундай ойду карманган аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар Армениядагы абалга токтолгон.

Армения Республикасынын Сүник облусундагы ок атуусуз чек ара жаңжалы чындап технологиялык мүнөздө, ошондуктан саясий билдирүүлөр менен кырдаалды жасалма түрдө козутууга болбойт.

Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 12-майда таң эрте: "Азербайжандын Куралдуу күчтөрү "чек араны тактоо" шылтоосу менен чек ара тилкелеринин биринде иштерди жүргүзүүгө аракет кылышкан. Армениялык күч бөлүктөрү тарабынан көрүлгөн чаралардан соң азербайжандык аскерлер бул ишти токтотушкан". Ошондон кийин дароо жагдайды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян Сүник облусундагы абалга байланыштуу ЖККУга расмий кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алганын маалымдады. Андан мурунку күнү эле ал Азербайжан аскердик күчтөрү 12-майда чек арадан өтүп, Кара көлдү курчоо аракетинде армениялык аймакка 3,5 чакырым аралык кирип келгендигин билдирген.

Бул боюнча Азербайжан тарап да үн катпай койгон жок. "2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган үч тараптуу билдирүүгө ылайык, аба ырайынын жакшырышы менен азербайжандык чек ара күчтөрү Армения менен чектешкен татаал тоолуу рельеф жана климаттык шарттары бар Лачин жана Көлбажар райондорунда Азербайжан позициясында жайгаштырылат. Процесс кадимки режимде жана системалуу жүргүзүлүүдө", — деп айтылган Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян теледеги мурдагы күнкү маегинде: "Армениянын аймагынан азербайжандык аскерлерди али чыгарта албадык. Коопсуздук кеңешинин жыйынында биз ЖККУга кайрылууну чечип, бул процессти баштадык".

ЖККУдагылар Армениянын Сүник облусунун чек арага жакын райондорундагы абалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда. Ошону менен бирге эле: "Жагдайга жараша зарылдыгы чыкса Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин жана ЖККУнун Уставынын жоболорунда каралган чаралар көрүлөт".

Азербайжан Тышкы иштер министрлиги 13-майда аталган аймактагы жалпы көрүнүштү мындайча сүрөттөдү: "Көз карандысыздыкты калыптандыргандан бери эки мамлекет белгилүү себептер менен мамлекеттик чек араларга ээ болгон эмес. Биз ушул тапта тараптардын ортосундагы келишпестик менен коштолгон татаал техникалык процесс жөнүндө кеп кылып турабыз". Бул билдирүүлөрдө согуштан кийинки чек аралар агрессияга алдыруу (ок атуулар) же Азербайжандын Арменияга карата кандайдыр бир территориялык дооматтары байкалбайт.

Технологиялык келишпестиктер – маанисиз деңгээлге чейин жеткирилбесе эле кадыресе процесс. 1991-жылы КМШ өлкөлөрүндө чек ара боюнча талаш маселелер ар кыл даражадагы ийгилик менен чечилип келген. Ошентсе да "талаш" маселелер кескин геосаясий кыймылдар жана кан төгүүгө арзыбайт. Бүгүнкү күндө Баку же Ереванда көйгөйдүн булагын издөөнүн кереги жок. Кавказдагы бул көйгөйдүн түбү Россия империясын СССРге трансформациялоонун жүрүшүнө барып такалат. Процесс саясий болуп саналат, советтик республикалардын чийилген чек аралары көбүнесе шарттуу жана мурдатан эле талаштуу. Россиянын революцияга чейинки "монолиттик" картасында улуттук республикалар болгон эмес, өлкө административдик жактан губерния жана облустарга бөлүнгөн. Тургундардын баары россиялык букаралыкка гана ээ болушкан.

Ырбаган учурларды мисал келтирүү үчүн өткөнгө терең үңүлүүнүн деле кереги жок. Жакындагы эле Тажикстан менен чек ара жаңжалынан улам Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрү 11-майда өз өлкөсүн ЖККУга катышууну кайра карап чыгууну сунуштаганы маалым. Дүйнөдө ушул жааттагы тажрыйбаларды карап көрсөк, НАТОдо Греция менен Түркиянын чек ара маселелери улам көтөрүлөт, бирок атлантикалык альянс тигил же бул тарапты бомбалоого белсенбейт. Эч кимиси НАТОдон чыгып кетүүгө кам урбайт.

Кавказда жагдай жеңил эмес. Армения – ЖККУга мүчө, Азербайжан бул уюмга кирбейт. Ошентсе да Баку менен Еревандын чек ара боюнча бул (бир да ок атылбаган) талаш кырдаалында жаңжалдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн улам (Россиянын катышуусундагы) агрессия, аннексия тууралуу катуу кыйкырып, анан да ЖККУ боюнча союздаштарына дээрлик шантаж кылуу натуура.

Азыр Арменияны эч ким аскердик кол салуу менен коркуткан жери жок. Россиялык чек арачылар макулдашууларга ылайык Сүник облусундагы автожолдун көйгөйлүү тилкелериндеги (Горис – Давид Бек жана Горис – Капан) кыймылдын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоодо. Азербайжандык күчтөрдүн бул багытта кандайдыр бир өтүп кетишин элестетүү да дээрлик мүмкүн эмес.

Мурдараак Армения ТИМи Ереван менен Баку россиялык чек арачылар жайгашканга чейин мурда таанылбаган Тоолуу Карабах республикасына кирген жана Армения менен чектешкен бир катар аймактардын Азербайжандын карамагына өткөндөн кийинки чек ара тилкелерин демаркациялоо үчүн убактылуу аскердик позицияларды жайгаштырууну такташышкан.

Демаркациялоо жүрүп жатат. Чиеленишкен чек ара маселелери оор чечилет, уй мүйүз тарта отуруп сүйлөшүү менен кылдат жөнгө салууну, кыйла интеллектуалдык аракеттерди талап кылат. Кара көлдөгү абалды жөнгө салуу үчүн дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдүн да, ЖККУнун күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен күч операцияларынын да түк  кереги жок.

Жамааттык коопсуздук келишимдин 2-беренесине ылайык: "Мамлекет-катышуучулар алардын кызыкчылыгына тиешелүү эл аралык коопсуздуктун бардык маанилүү маселелери боюнча бири-бири менен кеңешип, позицияларын макулдашышат.

Катышуучу мамлекеттердин биринин же бир нечесинин коопсуздугуна, территориялык бүтүндүгүнө жана суверенитетине коркунуч туулса же эл аралык тынчтыкка кооптуулук жаралса, мамлекет-катышуучулар өз позицияларын координациялоо жана коркунучту жоюуга чара көрүү максатында биргелешкен консультациялар механизмин кечиктирбестен кыймылга келтирет".

Чек араны демаркациялоо жагдайында эл аралык же Армениянын тынчтыгына реалдуу кооптуулук туулган жок. Андай эмес деп далилдөө (ЖККУнун консультацияларында жана бөлөк сүйлөшүү аянтчаларында) кыйын болот.

БУУнун аныктамасына ылайык, "бир мамлекет тарабынан башка бир өлкөнүн суверенитетине, территориялык кол тийбестигине же саясий көз карандысыздыгына каршы куралдуу күч колдонуу" агрессия болуп саналат. БУУнун Коопсуздук кеңеши да Сүник облусундагы Азербайжан агрессиясын байкаганы жок.

0
Белгилер:
ЖККУ, Жаңжал, чек ара, Армения
Тема боюнча
Америкалыктар Россияга "афган бомбасын" таштаганы турабы?