Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманова: Кыргызстанга кандай дарылар кирип жатканы белгисиз

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист Департамента лекарственного обеспечения и медицинской техники Минздрава Айша Сулайманова
Специалист Департамента лекарственного обеспечения и медицинской техники Минздрава Айша Сулайманова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин адиси Айша Сулайманова ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргени фармацевтика тармагы да көзөмөлдөнбөй калганын айтты.
Сулайманова: Кыргызстанга кандай дарылар кирип жатканы белгисиз

Учурда Кыргызстанга кандай препараттар кирип, эмне дарылар сатылып жатканы белгисиз. Бул тууралуу Айша Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дары-дармек — өзгөчө товар жана аны текшерүүгө бөгөт коюу туура эмес. Буга өлкө бийлиги көңүл буруп, текшерүүлөргө киргизилген мораторийди фармацевтика тармагынан алып салуу керек.

"Республикага чет жактан импорттолгон ар бир дары-дармектин сапаты текшерилип, сөзсүз көзөмөлгө алынышы керек. Бул фармацевтика жаатына тийиштүү негизги нормалардын бири. Бирок азыркы тапта алардын сапаты көзөмөлдөнбөй калды. Анткени дары бизнеси учурдагы кирешелүү ишкерликтердин бири жана ал бүгүнкү күндө текшерүүгө бөгөт койгон мораторийдин алкагында корголуп турат. Мунун кесепетинен учурда кандай дарылар сатылып жатканы да белгисиз. Бул — улуттун ден сооолугуна кооптуулук жаратат. Аны көзөмөлдөбөй коюу мүмкүн эмес. Буга тезинен мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, сатылып жаткан препараттардын сапаты текшерилүүгө тийиш", — деди Сулайманова.

Ошондой эле ал ЕАЭБдин алкагында да тиешелүү деңгээлде дары бизнесине текшерүүлөрдүн жоктугун, буга да тийиштүү көзөмөл керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0