Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов. Архив

Турдуматов: кызыл китепти жаңылоого каражат жок

26
(жаңыланган 11:56 09.11.2019)
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов мыйзам боюнча өлкөдө ар 10 жыл сайын жапайы жаныбарларды коргоого алган кызыл китеп жаңыланып туруусу керектигин айтты.

Кызыл китеп акыркы жолу 2007-жылы жаңыланган. Жаныбарлар ушул редакциянын негизинде корголуп жатат. Бул тууралуу Талант Турдуматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кызыл китепти түзүп чыгууга көп каражат керектелет.

"2005-жылы эгемендүү Кыргызстандын сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоого алган кызыл китебин түзүүдөгү эрежелери боюнча өкмөттүн токтому кабыл алынып, анын негизинде 2007-жылы жаңы кызыл китеп түзүлгөн. Ага илимдер академиясынан атайын адистер тартылган. Мыйзамга ылайык ар 10 жылда бул тизме жаңыланып турушу керек эле. Тилекке каршы, китептин чыгуу мөөнөтүнөн эки жыл өтүп кетсе да каражаттын жоктугунан токтоп турат", — деди Турдуматов.

Ал 2005-жылга чейин сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо эрежелери Советтер Союзунан калган мыйзамдар менен иштеп келгенин кошумчалады.

26
Белгилер:
коргоо, мыйзам, кызыл китеп
Тема боюнча
Турдуматов: ача туяктууларга 9 жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салынган