Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: учурда Кайгуул милициясы 54 кылмыштын бетин ачты

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков
Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков бүгүнтөн баштап кечкисин тыгын болгон жолдордо инспекторлор иш алып барарын айтты.
Исаков: учурда Кайгуул милициясы 54 кылмыштын бетин ачты

Кайгуул милициясы ишке киргенден бери 54 кылмыштын бети ачылып, жарандардын кайрылуусу боюнча 500дөй протокол толтурулуп, 20 мас айдоочунун машинасы унаа токтотуучу жайга коюлду. Бул тууралуу Алмазбек Исаков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бөлгөн каражатка Renault Logan үлгүсүндөгү 80 унаа алынып, анын 46сы учурда колдонулуп жатат.

"Кайгуул милициясы алгач 2016-жылы түзүлгөн. Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделген. Бир экипажда эки башка функция аткарган үчтөн кызматкер иш алып барган. Ал учурда техникалык жактан жакшы камсыздалбай, өзүнүн максатына толук кандуу жете алган жок. Бүгүнкү кызмат 31-октябрдан баштап кайрадан ишке кирди. Мурдагыдан айырмаланып бир экипажда функциялары бирдей эки кызматкер жол кыймылына көз салып, коомдук коопсуздукту камсыздайт. Азыр кызматкерлерге автоунаа, электрондук планшет, жол эрежесин бузган, издөөдө жүргөн унааларды аныктай турган техника, кара көк түстөгү форма берилип, ар бир кызматкердин төшүнө видеокамера коюлган. Ошондой эле GPS навигатор аркылуу көзөмөлдө болуп турушат", — деди Исаков.

Ал кызматкерлердин кенже курамы мурда 12 200 сом алса, эми 22 200 сом айлык акы аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0