Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чекиров: Кайгуул милициясына кызматкер алуу 14-ноябрда аяктайт

© Sputnik / Асель СыдыковаИнспектор отдела кадров ГУОБДД Кыргызстана Улан Чекиров
Инспектор отдела кадров ГУОБДД Кыргызстана Улан Чекиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн тескөөчүсү Улан Чекиров Кайгуул милициясына үчүнчү баскычта 250 кызматкер алына турганын айтты.
Чекиров: Кайгуул милициясына кызматкер алуу 14-ноябрда аяктайт

Кайгуул милициясына биринчи турда 1292 талапкерден 356сы кабыл алынып, экинчи баскычта 559 кишиден 224ү окууга өттү. Бул тууралуу Улан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, офицердик кызматтагылар жогорку билимдүү болушу шарт, ал эми катардагы кызматкерлер орто билими менен алынат.

"Кайгуул милициясына үч баскычта кызматкерлер алынууда. Бүгүнкү күндө биринчи турда алынган кызматкерлер окууну бүтүп, Биринчи Май жана Свердлов райондорунда пилоттук негизде иштеп жатат. Ал эми учурда үчүнчү этаптын алкагында 300дөй адам талапкерлигин сунуштады. Андан 250 кызматкер алынат. Бул баскыч 14-ноябрда аяктайт. Кызматка алынып жаткандар мурда соттолбогон, айдоочулук, аскердик күбөлүгү бар болушу керек. Кызматкерлер окуу жана түшүнүү тестин тапшырып, саламаттыгы текшерилип жана аңгемелешүүнүн негизинде кабыл алынууда. Алар ИИМ академиясында үч айлык окуудан өтүп, андан кийин гана жумушка чыга башташат", — деди Чекиров.

Ал бул долбоор пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин алгач Ош шаарында, Чүй облусунда, кийин республиканын башка аймактарында да иштей тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0