Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чаргынов: ишкерлер элдин коопсуздугун жеке кызыкчылыктан төмөн коюшат

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник УМЧС КР по Бишкеку подполковник Адильбек Чаргынов
Начальник УМЧС КР по Бишкеку подполковник Адильбек Чаргынов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов калаадагы коомдук жайларда өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди түшүндүрүү иштери байма-бай өтүп турганына карабастан өрт кырсыктарынын саны кыскарбай жатканын айтты.
Чаргынов: ишкерлер элдин коопсуздугун жеке кызыкчылыктан төмөн коюшат

Бүгүнкү күндө ишкерлер коомдун коопсуздугун жеке кызыкчылыктарынан төмөн коюп калышты. Мындай пикирин Адилбек Чаргынов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коопсуздук талаптарын аткаруу жана өзгөчө кырдаалдарда колдонулчу шаймандарды алып коюу ишкерлер үчүн ашыкча чыгаша катары бааланат. Жыйынтыгында кайдыгерлик мамиледен улам аягы кейиштүү аяктаган окуялар болууда.

"Ишкерлерди текшерүүгө бөгөт койгон мораторий кабыл алынганы коомдук жайлардагы коопсуздук эрежелерине көзөмөл жүргүзүү өтө оор болуп калды. Анткени ишкерлер аталган чектөөгө таянып, жада калса түшүндүрүү иштерин өткөрүү үчүн барган ӨКМ кызматкерлерин кубалап чыккан учурлар болуп жатат. Ал гана эмес, өздөрүнүн юристтерин чакырып арыз жазгандары да бар. Кырсыктын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү биздин милдет. Эгер кемчиликтерди байкасак, эскертүүгө тийишпиз. Бирок айрым ишкерлер муну туура эмес түшүнүп чатак чыгарышат. Бул жерде жеке кызыкчылыктар коомдун коопсуздугунан өйдө коюлууда. Мунун аягы жаман болуп жатат", — деди Чаргынов.

Ошондой эле ал быйыл Бишкек шаарында 80 миңден ашуун кишиге коопсуздук боюнча 99 лекция окулуп, тийиштүү түшүндүрүү иштери өткөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0